Мессения согуштарыБайыр­кы Грециядагы Мессения (Пелопоннестин түштүк-батышындагы обл.) менен Спартанын ортосундагы үч согуш.

  • Биринчи согушта (б. з. ч. 8-кылымдын 2-жарымы) спарталыктар Мессениянын чыгыш жана түшүк бөлүгүн караткан.
  • Экинчи согуш — Аристомендин жетекчилиги менен мессениялыктардын Спартага каршы көтөрүлүшү (б. з. ч. 7-кылымдын 2-жарымы). Анда спарталыктар бүткүл Мессенияны каратып, калкынын бир бөлүгүн укуксуз илотторго айландырган.
  • Илоттордун чоң көтөрүлүшү (б. з. ч. 464—458) үчүнчү мессения согушу деп аталат. Көтөрүлгөндөр Мессениядан эркин чыгып кетүүгө укук алып, Навпакт шаарына (Борбордук Греция) барып отурукташкан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.