Металлдардын жешилиши - сүрүлүүдөн металлдын бет катмарынын микрокөлөмүнүн бузулушунун натыйжасында өлчөмүнүн, формасынын, массасынын же бет абалынын өзгөрүшү.

Металлдардын жешилиши тетиктердин сүрүлүү шартына, металлдын касиетине жана алардын конструкциясына жараша болот. Металлдардын жешилиши — физикалык, химиялык факторлордун таасири менен бет катмардын микрокөлөмүнүн бекемдпгин төмөндөтүүчү татаал механикалык кубулуш. Сырткы чөйрөнүн сүрүлүүчү бет катмарына жасаган таасири боюнча металлдардын жешилиши абразивдүү, кавитациялык, эрозиялык ж. б. болуп бөлүнөт. Металлдардын жешилиши тетиктердин жумуш аткаруу сапатын төмөндөтүп, машиналардьш нштөөсүнө тескери таасир тийгизет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.