Металлдарды кесүү - металл кесүүчү станокто металл кесүүчү аспап менен иштетип, металлдардан керектүү формадагы, өлчөмдөгү, сапаттагы тетикти алуудагы технологиялык про­цесс.

Металлдарды кесүүнүн негизги түрлөрү: жонуу, сүрүү, тешүү, чоюу, фрезерлөө, жылмалоо ж. б. Металлдарды кесүүнүн негизги за­кон ченеми — станок — жабдык — те­тик системасынын өз ара аракеттениши.

Металлдарды кесүүнүн ар бир түрү кесүү режимдери — кесүү ылдамдыгы V, кесүү тереңдиги t, берүү элементтери S менен мүнөздөлөт. Жонууда, кесүү ыл­дамдыгы деп иштелип жаткан тетиктин кескич мизине карата ыл­дамдыгы (м/мин), кесүү тереңдиги (мм) ден кескич жүргөндө алынуучу катмардын калыңдыгы айтылат; берүү (.«.и/айлапуу)—кескичтин мизинин тетикти бир айлангандагы жылышы. Кесүүнүн шартына жараша таарындылар чачырапды, чубалган тасма түрүндө түшөт. Таа- рындынын пайда болушу пластикалык деформация менен байланыштуу. Бул процессте металл жогорку (1000°Сге) температурага чейин ысыйт. Жогорку температура аспаптын тез жешилшине алып келет да, анын өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.