Металлографиялык изилдөө

Металлографиялык изилдөө - металлдардын макро- жанa микроструктурасын, атом-кристаллдык түзүлүшүн рентген структуралык анализ менен изилдөө.

Металлографиялык изилдөөдө металлдардын макро- жанa микроструктурасы макро- жана микроструктуралык анализ жана рентген дифракциялык микроскопия методу колдонулат.

Атом-кристаллдык түзүлүшүн изилдөөдө салыштырма жаңы жана перспективдүү электрондук микроскопия методу пайдаланылат. Металлографиялык изилдөө — металл таануу илиминин негизги жана перспективдүү куралы. Азыр Металлографиялык изилдөөдө жаңы электрондук дифракция, нейтронография, радиоизотоптук индикаторлор, ички сүрүлүүнү аныктоочу микрорентген спектр анализи, магнитометрия ж. б. методдор кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.