Металл тануу— металлдар менен куймалардын составындагы, түзүлүшүндөгү жана касиеттериндеги байланышты, о. эле алардын физ.-хим., мех., жылуулук ж. б. ар кандай таасирден өзгөрүү закон ченемнн изилдөөчү илим.

Металл тануу — ар кандай физ.- хим. касиеттерге ээ болгон жаңы ме­талл — материалдарды табуу, аларды өздөштүрүү жана иштетүүнүн ил. негизи. Металл тануу өзүнчө илим катары 19-кылымда «металлография» («Металл тануу») деген ат менен пайда болот. «Металл тануу» термини 20-кылымдын 20-жылдарында Германияда киргизилип, «Металлография» термини металлдар менен куймалардын микро- жана макроструктурасын изилдөө үчүн калтырылган. 20-кылымдын 20-жылдарынан баштан рентген-структуралык анализдин пайда болушу Металл тануунун өнүгүшүндө зор роль ойноодо.

Металл тануунун өсүп өнүгүшүнө орус илимпоздору: Д. К. Чернов, Н. С. Курнаков, А. А. Байков, Н. И. Беляев, А. М. Бочвар, Я. И. Френкель, Г. В. Курдюмов, С. Т. Конобеевский, А. Ф. Иоффе, Н. Н. Давиденков; чет өлкөлүк илимпоздор: М. Фольмер, У. Делингер, В. Кестер (Германия), А. Вестгрен (Швеция), У. Юм-Розери (Улуу Британия), Э. Давенпорт, Э. Бейн (США) көп салым кошушту.

Металл тануу шарттуу түрдө теориялык жана колдонмо (тех.) болуп бөлүнөт. Тео­риялык Металл тануу металлдар менен куй­малардын түзүлүшүнүн жана ар түрдүү таасирдин натыйжасында алар­дын өзгөрүү процесстеринин закон ченемин, ал эми колдонмо Металл тануу металлдар менен куймаларды иштетүүнүн технол. процесстеринин негизин изилдейт. Теориялык Металл тануунун негиз­ги бөлүмдөрүнө металлдар менен куй­малардын металл абалынын жана физ. касиеттеринин теориясы, криссталдашуу, алардын фазалык тең салмактуулук, диффузия, пластикалуу де­формация процессинин физ. теория­сы, бекемдөө, талкалоо жана кайра кристаллдашуу теориялары кирет.

Теориялык Металл тануунун мазмуну металл- физикасы менен тыгыз байланыштуу. Колдонмо Металл тануу илими белгилүү бир металл материалдардын- (мис., темир-көмүр тектүү куйманын, дат баспас болоттун, отко чыдамдуу куй­манын, алюминий куймасынын ж. б.) составын, структурасын, касиеттерин, иштетүү процессии изилдейт.

Электрон микроскобунун колдонулушу, нейтронография, магнитометрия, микрорентген спектр анализ метод­дору Металл тануунун өнүгүшүнө чоң комок көрсөттү. Металл тануунун негизинде бышыктык теориясы, фазалык өзгөрүү теориясы, пластикалуу деформациянын физ. теориясы да зор ийгиликтерге жетишти. Техниканын жацы тармактарынын пайда болушуна бай­ланыштуу радиациянын, өтө төмөнкү температуранын, өтө жог. басымдын д. у. с-дын металлдарга тийгизген таасирин изилдоо маселелери кеңири жүргүзүлүүдө.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.