Нейтронография (нейтрон жана ...графил) — нейтрондордун чачыроо­су б-ча суюктуктардын, кристаллдардын молекулаларынын түзүлүшүн изилдөө методу.

Нейтронография боюнча алгачкы ил. эмгектер Э. Фермиге таандык. Нейтронографиялык тажрыйба ядро реакторунан алынган нейтрондордун агымы же атайын буталуу электрондук ылдамдаткычтардын жардамы менен жүргүзүлөт.

Нейтронографиялык аппараттар (дифрактометр, түрдүү типтеги нейтрон спектрометр ж. б.) нейтрон агымынын жолуна реактордон көп алыс эмес аралыкта жайгаштырылат. Кубаттуу реакторлордон алынган нейтрондордун агымынын тыгыздыгы рентген түтүктөрүнөн алынган кванттардын тыгыздыгынан бир канча даражада аз болгондуктан Нейтронографиялык аппаратура жана Нейтронографиялык тажрыйбалар татаал болот. Атомдук реакторлор кецири диапазондогу энер­гиялуу жылуулук нейтрондорун бе­рет. Алардын энергиясынын макси­муму 0,06 эвге жакын. Бул энергияга туура келген де-бройл нейтрондорунун толкун узундугу кристаллдардагы, молекуладагы атомдордун ортосундагы аралык менен салыштырмалуу болгондуктан нейтрондун дифракцпясы пайда болот.

Ушул кубулушта структуралык Нейтронография негизделген. Нейтрондун серпилгичтүү эмес чачы­роосу нейтрон спектроекопиясында колдонулат.

Дагы кара түзөтүү

Нейтрон спектроскопиясы

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979