Методист – кайсы бир предмет боюнча окутуунун методикасы тармагындагы адис. Ошондой эле методикалык мекемелерде иштеген кызматкерлерди да методист деп айтышат. Анын милдети- тигил же бул предметтин абалын билип туруу, мектептердеги алдыңкы мугалимдердин иш-тажрыйбаларын таркатуу, предметтер боюнча ачылган жаңылыктарды мугалимдерге жеткирүү, аларды жайылтуу, мугалимдер менен методикалык иштерди уюштуруу, мугалимдердин окуу-тарбиялык иштерине көмөк көрсөтүү.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004