Мугалим мөңгүсү
(«Мугалим,мөңгүсү» барагынан багытталды)
Мугалим мөңгүсү — Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү Ала-Арча суусунун алабындажайгашкан. Уз. 6,2 км, аянты 4,4 км2, анын 0,6 км2 калың морена менен капталган. Башы деңиз деңгели 4840 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4140 м. Өткөн мезгилде Аксай мөңгүсүнүн оң кура-мы болгон; муз эрип чегинүүдөн өзүнчө мөңгүгө айланган. Азыр эки мөңгүнүн ор-тосунда корум таштар жатат. Фирн облусу Аламүдүн чокусунун (4895 м) түн. капта-лынан башталат. Мөңгүдөн башталган суу Аларчанын оң куймасы – Аксайга куят.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер
түзөтүү- Мугалим мөңгүсү Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine