Метталогения картасы - Жер­дин геол. түзүлүш шартына жараша пайда болгон кеңдердин таралышын баяндаган геол. карта.

Метталогения картасы кичине же жалпы (1:500000 жана андан да ки­чине), орто (1:200000—1:100000). ири (1:50 000—25 000) масштабдуу болуп бөлүнөт. Бул карталарза кен байлыктардын запасы, салаты, таралуу ор­ду шарттуу белгнлет менен көрсөтүлуп, масштаб эске алынбайт. Too тектердин түрлөрүнө байланыштуу болгон металлогениялык областтар, райондор, зоналар белгиленет. Метталогения картасынын кен байлыктарды ачууда чон мааниси бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.