Механиканын вариациялык принциптери

Механиканын вариациялык принциптери— мех. системанын чыныгы (анык) кыймылын (абалын) кинематикалык мүмкүн болгон бардык кыймылдардан (абалдардан) айырмалай турган касиеттерди аныктоочу жоболор.

Мех. кубулуштардын жалпы закон ченемдерин белгилен турган алгачкы жоболор механиканын принциптери деп аталат. Мех. системанын кыймылын же тең сал­мактуулугун аныктоочу бардык теңдемелер ошол принциптердин натыйжасы катары чыгарылат. Механиканын өнүгүшүндө мех. кубулуштар­дын көп түрдүү касиеттери менен закон ченемдерин түшүндүргон бир топ принциптер белгиленди. Ал принциптер вариациялык эмес жанa вариациялык болуп айырмаланат. Вариациялык эмес принциптеги күчтүн ордуна Механиканын вариациялык принциптеринде энергия де­ген физ. түшүнүктүн пайдаланылышы Механиканын вариациялык принциптерин мех. эмес кубулуштарга да колдонууга мүмкүндүк берет. Бул принцип дифференциалдык жанa интегралдык болуп болүнөт.

Дифференциалдык принциптер: 1) идеал байланыштуу мех. сис­теманын тең салмактуулук шартын аныктоого мүмкүн болгон которулуу принциби; 2) Д’А ламбер — Лаг­ранж принциби б-ча идеал байланыштары бар мех. системага аракет кылган активдүү жанa инерция күчтөрунүн мүмкүн болгон ар кан­дай которулушунда аткаруучу элементардык жумуштарынын суммасы чыныгы кыймыл үчүн гана убакыттын ар бир моментинде нөлгө барабар. Интегралдык принциптерге эң кичине аракет принциби кирет. Бул принциптер боюнча системанын көптөгөн кыймылдарынан аракет деп атал­ган физ. чоңдук эн кичине мааниге ээ болгондогу кыймылы гана чыныгы кыймыл болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.