Мизансцена (фр. mise en scene — сахнага жайгаштыруу) — оюндун кырдаалына ылайык актёрлордун сахнада жайгаштырылышы.

Ал пьесанын ички мазмунун образдуу ачуучу каражаттардын бири жанa режиссёрдук ойдун маанилүү компонент Мизансценанын мүнөзүнө жараша оюндун стили жана жанры аныкталып, системасы аркылуу спектаклдин пластикалык формасы табылат.

Так Мизансценаларды куруу ре­жиссёр менен жасалгалоочу сүрөтчүнүн ишине тыгыз байланыштуу. Ар бир Мизансцена актёр тарабынан ишенимдүү, эркин жанa табигый түрде чечилип, башкалар менен эриш-аркак болууга тийиш.

Кинодо Мизансценаны түзүү үчүн киноаппараттардын кандай тургандыгы, планды тандоо ж. б. чоң мааниге ээ.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.