Микроклин (микро… жана грекче klino – жантаюу, эңкейүү) – талаа шпаттар тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы (K, Na)[AlSi3O8]. Призма түрүндө кристаллдашат. Өңү-түсү кызгылт, мала кызыл, киргил саргыч, кээде ак, агыш, көгүш жашыл (амозонит). Айнек сыяктанып жылтырайт. Катуулугу 6–6,5. Интрузия тоо тектеринин (гранит, гранодиорит, пегматит) жана гнейстердин курамында кездешет. Карапачылыкта (карапа, чайнек, чыны ж. б. жасоодо) кеңири колдонулат.

Микроклин.

Колдонулган адабияттар түзөтүү