Мимас
Мимас (Mimas) – Сатурндун жандоочусу. 1789-жылы англиялык астроном Уильям Гершель ачкан. Орбитанын чоң жарым огу, башкача айтканда Сатурнга чейинки аралыгы 185 520 км, диаметри 390 кмге жакын. Тыгыздыгы 1200 кг/м3 жана муздан турган артыкчылыкка ээ. Айлануунун синодикалык мезгили 22 саат 37 мүнөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7