Минералдардын синтези — бир элементтен же хим. кошундудан минералды, монокристаллды жасалма жол менен алуу процесси; эксперименттик мпнералогиянын негизги тармагы.

Минералдарды жасалма жол менен алууга орт. кылымда эле алхимиктер аракеттенип, натыйжа чыгара алган эмес. Италян илимпозу Специан (1904) кварцты, француз Вернейльд (1905) рубинди жасалма жол менен алгандан кийин гана Минералдардын синтези алгачкы практикалык натыйжага ээ болду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.