Миннесота Университети
Миннесота университети (англ. University of Minnesota; көбүнчө Миннесота, U of M, UMN, же U деп аталат) - Миннесота штатындагы Миннеаполис менен Сент-Пол шаарларындагы мамлекеттик изилдөө университети болуп саналат. Миннеаполис менен Сент-Пол кампустарынын ортосу болжол менен 4,8 км, ал эми Сент-Пол кампусу Falcon Heights жакын турат. Бул Миннесота университет системасындагы эң байыркы жана ири кампусу, жана ошондой эле 2013-14-жылдарына карата 51,147 студенти менен Америка Кошмо Штаттарында 6-орундагы ири окуу жайы болуп саналат. Ал Миннесота системасындагы окуу жайлардын эң алдыңкы институту болуп саналат. Крукстон, Дулут, Моррис жана Рочестерде 19 колледж жана мектебин жетектейт.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/32/AerialUMN-MPLS012506.jpg/220px-AerialUMN-MPLS012506.jpg)
Миннесотадагы мугалимдер, бүтүрүүчүлөр жана изилдөөчүлөр арасында 25 Nobel лаураеттары жана үч Pulitzer Prizes сыйлыгына ээ болгондор бар. Университеттин көрүнүктүү бүтүрүүчүлөрүнүн арасында АКШнын эки вице-президенти, жана ошондой эле 2016-жылы адабият боюнча Nobel сыйлыгын Хуберт Хамфри, Уолтер Мондейл жана Боб Дилан алышкан.