Миномёт - далдадагы душманды мина менен атууга жанa анын талаа чептерин кыйратууга арналган жылмакай стволдуу замбирек.

  • Миномёттун негизги касиеттери — минасынын эң күчтүү жарылышы, аз убакыт ичинде бат-жарылышы, жеңилдиги, жөнөкөйлүгү, атууга бат даяр болушу. Минасынын траекториясы бийик болгондуктан (стволунун көтөрүлүү бурчу 45°тан 85°ка чейин) замбирек, мылтык, пулемёт аркылуу жок кылууга мүмкүн болбогон жерлерди Миномёт менен талкалоого болот.
  • Алгач миномётту орус аскерлери орус-жапон согушунда (1904—05) Порт-Артурду коргоодо колдонгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.