Миртов, Валериан Владимирович

Миртов Валериан Владимирович (1912, Рязань облусу – 1994) – тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1974). Кечки жумушчу факультетин (1933), Новосибирск темир жол транспорту аскер инженерлер институтун (1939) бүтүрүп, институтка мугалим (1939–42) болуп калган. 1942-жылы февралдан партиянын Новосибирск шааркомунун транспорт бөлүмүнүн башчысы. ВКП(б) БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти (1944) бүтүргөн. 1944-жылдан Кыргыз ССРинин тышкы иштер министрлигинде, 1948-жылдан Кыргызстан КП БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүндө лекторлор тобунун башчысы. 1954-жылдан Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы инстутутунда улук илимий кызматкер. 1972–77-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык инстутунда кафедра башчысы, 1977-жылдан Кыргызстан КПга караштуу Партия тарыхы институтунда сектор башчысы болуп иштеген. Ал – жүздөн ашык илимий эмгектин, макаланын автору. Эмгектери Кыргызстан КП тарыхына арналган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.