Мителик - түрдүү организмдер ортосундагы өз ара байланыш формасынын бири.

Мында бири (мите) экинчисин (ээсин) жашоо чөйрөсү, азыгы катары пайдаланат. Мителик тышкы же эктомителик (мите организмдин сыртында жашайт) жана ички же эндомителик (организмдин ичинде) болуп айырмаланат. Мителөө узактыгына карата Мителик убактылуу жана стационардуу болуп өзгөчөлөнөт, ага мезгилдүү жана туруктуу Мителик кирет. Мите адамда, айбанда жана өсүмдүктө ар кандай оору пайда кылат. Аны изилдөө жана ага карты күрөшүү чараларын паразитология, микробиология, вирусология жана фитопатология иштеп чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.