Мите ооруларымите курттар (гельминттер), мите жаныбарлар, жөнөкөйлөр (амёба, лейшмания, лямблия, токсоплазма, плазмодиялар жана башкалар) жана муунак буттуулар (чымын-чиркейлер, биттер) жана башкалар пайда кылган оорулар.

Ичегидеги мителер.
Паразит оорусу.

Мите оорулар тууралуу түзөтүү

Мите жаныбарлар пайда кылуучу оору инвазиялык деп, ал эми вирустар, козу карындар пайда кылуучу оору жугуштуу оорулар деп аталат. Мите курттар гельминтоздорду пайда кылат. Буга аскаридоз, энтеробиоз, эхинококкоз, анкилостомидоз, дифиллоботриоз, фациолёз, трихинеллёз, трихоцефалёз, тениидоз жана башкалар кирет.

Жөнөкөйлөр протозооздорду пайда кылат. Аларга амёбиоз, лямблиоз, безгек, токсоплазмоз, лейшманиоз, трипаносомоз жана башкалар кирет. Кишинин организминде 50дөн ашуун жөнөкөй жаныбарлардын түрү мителик кылат.

Мите курт-кумурскалар энтомоздорду, кенелер акароздорду пайда кылат. Энтомоздорго миаздар, чиркей, желимчи, бит жана башкалар чаккандан болгон тери оорулары (дерматозооноздор); акоздорго котур кирет. Мите ооруларынын козгогучтары туруктуу жана убактылуу болуп айырмаланат. Убактылуу мителер табиятта же үйдө эркин жашап, кишиге тамактануу (чагуу) үчүн гана келет. Туруктуу мителер кишинин организминде өөрчүү мезгилинин айрым бөлүгүн же бүт өмүрүн өткөрөт.

Козгогучтардын бөлүнүшү түзөтүү

Мите оорусун козгогучтар кишинин организминде орун алышы, мителик кылышы боюнча сырткы (эктомителер) жана ички (эндомителер) болуп бөлүнөт. Эндомителер негизинен ички органдарда — өпкө, боор, ичеги, булчуң ткандарында жашап, аларды жабыркатат. Мындан сырткары тери алдында (котур кенеси) жана дене көңдөйүндө — мурун, ооз, кулак жана башкаларда жашоочу (сайгактын личинкасы) мителер белгилүү. Мите оорулары мите алып жүрүүчү же оорулуу жаныбарлар менен кишилерден жугат. Организмге козгогучтар тери же ооз, мурун аркылуу кирип, тамак-аш, чымын-чиркей, аба менен таралат.

Тамак-аш менен жугуучу оорулар түзөтүү

Тамак-аш менен жугуучу мите оорулары на мите курттар пайда кылуучу оорулар, ич өткөк, амёбиаз, лямблиоз жана башкалар кирет. Алар мителер менен булганган тамак-ашты, сууну ичкенде, ошондой эле кир кол, идиш-аяк менен жугат. Кээ бир мите оорулары (котур, анкилостамидоз, биттөө жана башкалар) жолуккандан, тийишкенден жугат. Козгогучун башка организмдер (кенелер, чиркейлер, бүргөлөр) таратуучу мите оорулары трансмиссивдүү мите оорулары деп аталат.

Очоктуу оорулар түзөтүү

Мите ооруларынын ичинен табигый очоктуу оорулар кездешет. Мисалы, лейшманиоздо оорунун очогу кемирүүчүлөр болуп, ал эми тараткыч, жугузуучулар — желимчилер. Мите ооруларынын козгогучтары организмге түрдүүчө зыян келтирет. Ооруну врач дарылайт. Организмге зыян келтирбей козгогучтарды өлтүрүп жок кылуучу химиялык каражаттар, кан препараттары жана витаминдер колдонулат.

Алдын алуу түзөтүү

Алдын алууда оорулуу жана мите алып жүрүүчүлөрдү убагында таап дарылоо, козгогуч мителерди кырып жок кылуу үчүн дезинфекция жүргүзүү, айлана-чөйрөнү түрдүү булгануудан сактоо зарыл. Кээ бир мите ооруларынын таралуу мезгилинде дары каражаттарын сунуш кылуу, жаныбарлардан жуктуруп албоо үчүн ветеринария-санитариялык чараларды көрүү, элдин санитариялык абалын жакшыртуу талапка ылайык.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8