Негизги макала: Кокон хандыгы

Миң династиясы – 1710–1876-жылдары Кокон хандыгын бийлеп турган өзбек феодал төбөлдөрүнүн династиясы. Шахрух аталык (1710–21) негиздеген. Шахрухтун уулу Рахим хан 1721–34-жылдары хан болуп турган. 1842–44-жылдары Шераалы хан бийлеген. Анын мурасчысы (уулу) Кудаяр хан 1844–58, 1862–63, 1865–67-жылдары тактыда отурган. Миң династиясынын саясий турмушуна түштүк кыргыздардын феодал төбөлдөрү Мусулманкул, Алымбек, Алымкул жана башка түздөн-түз аралашып, кийлигишип турган. Бул династиянын акыркы ханы Насреддин (Кудаяр хандын улуу уулу) 1876-жылы Россия тарапка өтүп, Кокон хандыгы жоюлган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү