Моделдөө (француз тилинен modele – үлгү, өрнөк) – таанып-билүүнүн маанилүү бир жолун мүнөздөөчү гносеологиялык категория – метод. Кандайдыр бир объектинин мүнөздөөчү белгилерин башка бир изилдеп үйрөнүүгө мүмкүн болгон объектен таап, иликтеп үйрөнүү. Гносеологиялык планда алганда белгисизден белгилүүгө карай өтүү. Моделдөө муктаждыгы объектинин өзүн изилдеп үйрөнүү кыйын болгон, кымбатка турган, же караманча эле мүмкүн болбогон учурларда, же изилдеп үйрөнүү узак убакытты талап кылганда (моделдөө коомду, анын процесстерин өздөштүрүүдө) келип чыгат.

Моделдөө методу ар дайым таанып билүүнүн башка методдору менен катар колдонулат. Табияты ар кандай объектилердин функцияларынын окшоштугуна негизделген моделддөө методу, кибернетиканын негиздеринин бири болуп калды. Экономиканын математикалык моделдерин (ЭЭМдерди колдонуп экономикалык процесстердин башкаруу жана божомолдоо мына ушуга негизделген), татаал жана татаалдашкан моделдөө (экологиялык жана демографиялык процесстер) иштеп чыгуу чоң мааниге ээ. ЭЭМде моделдик эксперимент зарыл түрдө түздөн-түз эксперименттен өткөрүүдөн кутултуп, химиялык, биологиялык касиеттерге ээ материалдарды, техникалык системаларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мененүн өзгөчө мейкиндиги ойду моделдөө болуп саналат.

Илимий-техникалык изилдөөдө бүтүн таанып билүүнүн бир методу моделдөө. Сезим-туюмдук жана логикалык моделдерди түзүү процессинин негизги мыйзамдарын таануу-билүү теориясынын ар кайсы (айрыкча чындык туурасында окууга байланыштуу) бөлүктөрү изилдейт. Ошентип, моделдөө таануу теориясын мындан ары өнүктүрүү жана конкреттештирүү үчүн маанилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8