Модификатор (лат. modifico — түрүн өзгөртөм, формасын алмаштырам) металлдарда жанa куйма­ларда — кичинекей үлүшүн кошкондо эле металлдардын же куймалардын касиетин жанa структурасын бир топ өзгөртүп жибере турган зат.

Мындай иштетүүдөн алынган зат модифпкацияланган деп аталат. П. А. Ребиндердин классификациясы боюнча Модификатор эки түргө бөлүнөт.

  • Биринчи түрдөгү Модификатор — беттик-активдүү заттар, алар кристаллдашуунун борборунда пайда болгон башталмада (түйүлдүктө) адсорбцияланат, анын өсүшүнө тоскоолдук кылат.
  • Экинчи түрдөгү Модификатор эритиндеги крпсталлдашуу борборунун түзүлүшүн жеңилдетет. Модификатор матөриалдын бүртүкчөлөрүн майдалайт, бирок кристаллдашуу учурунда биринчи түрдөгү Модификатор эритиндинин муздашын тездетсе, экинчиси жайлатат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.