Молдалиев Кадирдин
Молдалиев Кадирдин (1922-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү) - согуштун жана эмгектин ардагери.
- Улуу Ата Мекендик согуштан 1944-ж. майып болуп кайткан.
- Армияга 1942-ж. чакырылып, 113-темир жол батальонунун курамында фашисттик Германияга каршы согушкан.
- «Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени», «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны женгендиги үчүн» медалы менен сыйланган.
- Согуштан келгенден кийин азыркы Кожомкул айылында мугалим болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.
- Азыр Бишкек шаарында жашайт.
- Өйдөчекти уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9