Молдобаев, Имел Бакиевич

Молдобаев, Имел‎»‎ барагынан багытталды)

Имел Бакиевич Молдобаев (15.02.1942 — 19.11.2005) ― кыргыздын таанымал тарыхчы-этнографтарынын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор.

Кыскача өмүр таржымакалы

түзөтүү

Имел Баки уулу Молдобаев 1942-жылдын 15-февралында Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында партиялык кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ал 4 жашында энесинен, 13 чыкканда атасынан ажырап, томолой жетим калган.

Кийин Бишкек шаарындагы айтылуу №5-орто мектепте окуп, таалим алган.

Адегендеги турмуш чыйырын Фрунзе Автожол техникуму менен болжоп, ал окуу жайдан “техник-механик” деген адистикти алган. Андан соң Советтик армияда кызмат өтөгөн.

25 жашка чыкканда КУУнун тарых факультетине келип кирет.

1968-1972-жж. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетинен билим алган.

1972-2005 жж. аралыгында Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчысы болуп эмгектенген.

2005-ж. 19-ноябрда оорунун айынан каза болгон. Артында жубайы, төрт кызы калды.

Сөөгү Бишкектин түштүк ыптасындагы көрүстөнгө коюлган.

Илимий чыгармачылыгы

түзөтүү

Имел Баки уулунун илим чыйыры Б.Жамгырчинов, К.Үсөнбаев сыяктуу кыргызтаанучулар менен чогуу иштеп, алардын жолдомосу аркылуу башталды.

Анын кандидаттык диссертациясы “Жаныш, Байыш” эпосу - тарыхый-этнографиялык булак катары” деген темага арналып, ыраматылык Имел Бакиевич өмүрүнүн акырына чейин илимий ишке жетекчилик эле эмес, ага аталык камкордук көрсөткөн насаатчысы Кушбек Үсөнбаевди айрыкча жылуу сезим менен эскерип, ал адам туурасында узун учук кеп кураар эле.

1979-ж. Ленинград шаарында “Жаныш, Байыш” эпосу - тарыхый-этнографиялык булак катары” (“Эпос “Жаныш и Байыш” как историко-этнографический источник”) аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

Имель Бакиевич кыргызтаануу илимине “Манас” эпосун комплекстүү изилдөө боюнча жаңы багыт ачкан, аны ар тараптуу изилдөөгө алып анык илим деңгээлине жеткирген окумуштуу болчу. Ал “Манас” эпосу менен иштөөнү 1970-ж. соңунда барып баштады. Анткен менен кыска убакыт аралыгында ал дүйнөнүн 29 шаарына барып, Манас темасында илимий докладдарды жасап, ал өлкөлөргө жалаң эле дастанды эмес кыргыз элинин тарыхы, эпикалык казынасы, маданий баалулуктары боюнча түшүнүк жаралышына негиз салып келди.

"Манас" таануу жаатындагы докторлук диссертацияны ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин доктору даражасын алды (1995).

Илимпоздун эмгектери негизинен «Манас», «Жаныш-Байыш» эпосторуна арналган. Бул багытта 100дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинен бир нече монографиялары белгилүү.

Эпостордогу кыргыздардын этнографиясы, философиялык-диний түшүнүктөрү, уруулук аталыштары, тектеш түрк ж.б элдер менен этногентикалык ж.б. алакалары чагылдырылган. Окумуштуунун эмгектери жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн илимий чөйрөлөрүнө кеңири маалым болгон.

Изилдөөчү Якутия, Тува, Тоолуу Алтай, Тува, Шинжаң, Тибет ж.б. тарыхый-этнографиялык экспедицияларга катышкан.

Эмгектеринин кыскача тизмеси

түзөтүү
  • Молдобаев И.Б. "Манас" ‑ историко-культурный памятник кыргызов. – Бишкек: “Кыргызстан”, 1995. ‑ 311 бет. – ISBN 565500965X, 9785655009653. – Государственная дирекция “Манас‑1000”. – Национальная академия наук Кыргызской Республики. Институт истории. – Научно-пропагандистский деловой проект “Мурас”.
  • О некоторых социальных терминах эпоса «Жаныш и Байыш» // Вопросы киргизской терминологии. Фрунзе, 1975. С. 182-198.
  • Об этнокультурных связях киргизского и казахского народов (по материалам эпоса «Жаныш и Байыш») // Этнические и историко-культурные связи тюркских народов СССР. Всесоюз. тюркологии, конф. 27-29 сент. 1976 г. Тез. докл. и сообщ. Алма-Ата, 1976.
  • Эпос и народная медицина // Здоровье (Ден соолук). 1977. № 3. С. 8-9 (на кирг. яз.).
  • Вопросы народной медицины киргизов в эпосе «Жаныш и Байыш» // Актуальные вопросы здравоохранения и здоровья населения. Сб. науч. трудов кафедры социальной гигиены и организации здравоохранения. Т. 122. Фрунзе, 1978. С. 126-133.
  • Киргизский эпос как источник по истории одежды // Сов. этнография (далее — СЭ). 1979. № 2. С. 137-140.
  • Тюрко-монгольский эпос как историко-этнографический материал (на примере киргизского эпоса «Жаныш и Байыш») // Джангар и проблемы эпического творчества тюрко-монгольских народов. Матер. Всесоюз. науч. конф. Элиста, 17-19 мая 1978 г. М, 1980. С. 286-290.
  • Вклад В.В. Бартольда в использование фольклора киргизского народа как историко-этнографического источника // Вопросы истории, идеологии, философии, культуры народов Востока. Источниковедение, историография. Тез. конф. аспирантов и молодых научных сотрудников. М, 1981. Т. 1. С. 14-16.
  • О географических терминах эпоса «Жаныш и Байыш» // Вопросы киргизской терминологии. Фрунзе, 1981. С. 167-184.
  • В фокусе комплексного исследования. Рец. на кн.: Р.З. Кыдырбаев. Генезис эпоса «Манас». Фрунзе, 1980 // Литературный Киргизстан. 1982. № 2. С. 115-119.
  • Башкирско-киргизские параллели в этнонимике эпоса «Манас» // Вопросы истории Южного Урала. Уфа, 1982. С. 83-92.
  • Этнографические истоки одного мотива из эпоса киргизов и народов Центральной Азии // Проблемы хакасского фольклора. Абакан, 1982. С. 124-130.
  • Об одном древнем инструменте народной медицины // СЭ. 1983. № 3. С. 97-99 (в соавт. с А.Д. Грач).
  • Эпос «Жаныш и Байыш» как историко-этнографический источник. Фрунзе, 1983.
  • Историко-культурная общность киргизов с народами Центральной Азии (по материалам эпоса «Манас») // Историко-культурные связи народов Центральной Азии. Улан-Удэ, 1983. С. 78-83.
  • О некоторых древних медицинских инструментах киргизов (по данным эпоса «Манас»). // Культура и искусство Киргизии. Вып. 2. Тезисы докладов Всесоюзной научной конференции. 3-6 июня 1983 г. Л.: 1983.
  • Историко-культурное значение героического эпоса «Эр Солтоной» // Советский Киргизстан: страницы истории и современность. Фрунзе, 1984.
  • Об историко-этнографических терминах «Киргизско-русского словаря К.К. Юдахина» // Вопросы киргизской терминологии. Фрунзе, 1984. С. 85-94.
  • К проблеме изучения этнокультурных связей киргизского и тувинского народов // Проблемы истории Тувы. Кызыл, 1984. С. 207-214.
  • Узбекско-киргизские этнокультурные связи в свете эпоса «Манас» // Фольклор, литература и история Востока. Матер. III Всесоюз. тюркологич. конф. Ташкент, 1984. С. 403-406.
  • Немеркнущее сказание: 100 лет первой публикации эпоса «Манас» // Учитель Киргизстана. 1985. 18 декабря.
  • О гидрониме Ала-Кел (по материалам киргизских эпических произведений) // Ономастика Киргизии. Вып. 1. Фрунзе, 1985.
  • Отражение этнических связей киргизов в эпосе «Манас». Фрунзе, 1985.
  • Топонимы, связанные с именами персонажей эпоса «Манас» // Третьи научные чтения, посв. памяти академиков И.А. Батманова, К.К. Юдахина, Б.М. Юнусалиева. Тез. докл. и сообщ. Ош, 1985. С. 33.
  • Исторические связи киргизов с народами Саяно-Алтая // Историко-культурные контакты народов алтайской языковой общности. Тез. докл. XXIX постоянной междунар. алтаистической конф. Вып. 1. История, литература, искусство. М., 1986. С. 45-47.
  • Названия музыкальных инструментов в эпосе «Манас» // Вопросы киргизской терминологии. Фрунзе, 1986. С. 67-80.
  • Некоторые проблемы историко-этнографического и лингвистического изучения эпоса «Манас» // Исследование по киргизскому языкознанию. Фрунзе, 1987. С. 106-114.
  • Рерихи о киргизах // Ала-Тоо. 1987. № 12. С. 98-106.
  • Изучение истории духовной культуры киргизского народа // Чокан Валиханов и современность. Сб. матер. Всесоюз. науч. конф., посв. 150-летию со дня рождения Ч.Ч. Валиханова. Алма-Ата, 1988. С. 158-164.
  • Саяно-Алтайские истоки духовной культуры киргизского народа // Тюркология. Тез. докл. и сообщ. V Всесоюз. тюркологич. конф., 7-9 сентября 1988 г. Фрунзе, 1988. С. 45-47.
  • Статьи в сборнике: Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв. ред. О.К.Караев, И.Молдобаев. -- Фрунзе, 1989. 143 с.
  • Эпос «Манас» как историко-этнографический источник // Сов. тюркология. 1989. № 3. С. 17-23.
  • Эпос «Манас» как источник изучения духовной культуры киргизского народа. Фрунзе, 1989.
  • Об этнических и культурных контактах киргизов с каракалпаками // Этническая история и традиционная культура народов Средней Азии и Казахстана. Нукус, 1989. С. 222-231.
  • Фольклор киргизского народа как источник по этнической истории // Проблемы этногенеза и этнической истории народов Средней Азии и Казахстана. Вып. 3. Этнография. М., 1991. С. 103-112.
  • Киргизско-сибирские фольклорные параллели и связи // Фольклор и современная культура. Якутск, 1991. С. 12-20.
  • Устные рассказы о кыргызах у народов Сибири (к вопросу об этногенезе киргизов) // Этническая история народов Южной Сибири и Центральной Азии. Новосибирск, 1983. С. 292-297.
  • Вопросы комплексного изучения эпоса «Манас» (изучение эпоса «Манас» в учебных заведениях) // Вопросы методики преподавания эпоса «Манас» в средней и высшей школе. Тез. докл. на республиканск. науч. конф. Бишкек, 1994. С. 27-36 (на кирг. яз.).
  • Эпос «Манас» и его значение для изучения этнокультурных связей с башкортами и татарами // Манас—1000. Сб. докл. второй конф. татарской диаспоры «Татары в Кыргызстане» на тему «Вклад татарских ученых в исследование эпоса "Манас"». Бишкек, 1995. С. 16-29.
  • 180 статей для двухтомной энциклопедии «Манас» // Манас. Энциклопедия. Т. 1-2. Бишкек, 1995 (на кирг. яз.).
  • Происхождение этнической культуры кыргызов (III в. до н.э. — XV в. н.э.) // Кыргызы: Источники, история, этнография. Бишкек, 1996. С. 485-520.
  • Опыт реконструкции этнической истории кыргызов по данным «Манаса» и других фольклорных произведений // Кыргызы: этногенетические и историко-культурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. Матер, междунар. науч. конф., посв. 1000-летию эпоса «Манас», 22-24 сентября 1994 г. Бишкек, 1996. С. 126-149.
  • Время Мухаммеда Хайдара в кыргызском фольклоре // Матер. междунар. науч.-теоретич. конф., посв. известному ученому историку М.Х. Дулати (1499—1551). 13-15 марта 1997 г., г. Тараз. Тараз, 1998. С. 107-115.
  • Гипотеза о применении носорогов в боях (Эпос «Манас» о некоторых вопросах военной организации кыргызов) // Мээрим. 1998. № 1. С. 20-23.
  • Некоторые сведения об эпосе «Манас» в исследованиях Г.Н. Потанина // Этническая история тюркских народов Сибири и сопредельных территорий. Омск, 1998. С. 36-40.
  • Кыргызы и народы Сибири: истоки этнической общности // Сибирь в панораме тысячелетий. Матер. междунар. симпоз. Т. 2. Новосибирск, 1998. С. 319-326.
  • «Манас» о южносибирском периоде этнокультурной истории кыргызов // Древние культуры Центральной Азии и Санкт-Петербург. Материалы всероссийской научной конференции, посвящённой 70-летию со дня рождения Александра Даниловича Грача. СПб., 1998.
  • Проблемы изучения этнографии кыргызов после распада Союза // III конгресс этнографов и антропологов России. Тез. докл. М., 1999. С. 44-45.
  • Кыргызско-казахские этнокультурные связи в эпоху М.Х. Дулати (по материалам эпоса «Манас») // Проблемы древней и средневековой истории Казахстана. Алматы, 1999. С. 322-331.
  • Мои встречи с Р.Г. Кузеевым // Вестн. Академии наук Республики Башкортостан. 1999. Т. 4. № 3. С. 30-32.
  • Ош в письменных источниках домонгольской эпохи // История, культура и экономика Юга Кыргызстана. Матер. междунар. науч. конф. Т. 1. Ош, 2000. С. 14-21.
  • Обычаи бытовой культуры // Ош-3000. Бишкек, 2000. С. 125-131.
  • Раскопки городища Ооз-Дебе в 2000 г. // Ош и древности Южного Кыргызстана. Вып. 5. Бишкек, 2000. С. 33-49 (в соавт. с А. Асанкановым).
  • Кыргызский шаман (бакшы) в 20-е годы XX века // Среднеазиатский этнографический сб. Вып. IV. Памяти В.Н. Басилова. М., 2001. С. 232-237.
  • Религиозные верования кыргызов (с древнейших времен до настоящего времени) // Сб. матер. междунар. форума ЮНЕСКО «Культура и религия в Центральной Азии» (Кыргызстан, сентябрь, 1999). Париж, 2001. С. 106-113 (на англ. яз.).
  • Древняя и средневековая история киргизов // Киргизы. Санжира, история и предания в 5-ти книгах. Бишкек, 2002. С. 183-207 (на кирг. яз.).

Ал тууралуу адабият

түзөтүү
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. – Бишкек, 2015.
  • Чоротегин Т.К. Алгы сөз: Этнограф Имел Молдобаевдин 75 жылдык мааракеси // Имел Молдобаев жана заманбап кыргыз этнографиясы: Кыргыздын көрүнүктүү этнографы жана манас таануучусу, тарых илимдеринин доктору, профессор Имел Бакиевич Молдобаевдин (15.02.1942 19.11.2005) 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. Бишкек шаары, 18.04.2017. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2017. – 220+ii б., сүрөт. –- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. Жусуп Баласагын атындагы КУУ. – И.Арабаев атындагы КМУга караштуу Манас таануу институту. “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – Шинжаң “Манас” изилдөө борбору. “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. ISBN 978-9967-32-230-1. – Б. 3-7.
  • О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү