Бегимаалы Жамгырчинов (Жамгырчынов; орусча Бегималы Джамгерчинов) (15.10.1914, Бишкек уезди, азыркы Сокулук р-ну, Күнтуу айылы - 31.10.1982, Бишкек) – кыргыздан чыккан тарых ил-нин алгачкы кандидаты, алгачкы доктору (1950), профессор (1951). Совет доорундагы кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, Кыргыз Илимдер Академиясынын биринчи тарыхчы академиги (1954).

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Бегимаалы Жамгырчинов Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү азыркы Сокулук районуна (мурдагы Кызыл-Аскер районуна) караштуу Күнтуу айылында 1914-жылы 15-октябрда жарык дүйнөгө келген.

Бегимаалынын атасы - Жамгырчы Келдибек уулу (1874--1956), кыргыздын солто уруусунун күнтуу уругунан.
Бегимаалынын энеси - Үпөл, солто уруусунан.

Туулгандыгы тууралуу дата - 15-октябрь - шарттуу түрдө тандалган. Академик Бегимаалы Жамгырчинов өзү 1914-жылы алгачкы жолу чоң кар жааганда туулгандыгы тууралуу айтып калчу. Уулу Мидилдин айтымында, ал 15-октябр күнүн туулган күндү белгилөө оңой болгон күз мезгилинин бышыкчылык маалына ылайыктап шарттуу тандап алган экен).

1936-ж. Кыргыз мамл. пед. институтун бүтүргөндөн кийин ошол эле институтта окутуучу.

1938-39-жж. ал Украинанын Одесса облусундагы Скадов районуна караштуу Чалбасы кыштагында (азыр ал Украинанын Херсон облусуна караштуу Виноградово кыштагы болуп калган бул жакка сүргүнгө айдалган мурдагы кыргыз бай-манаптарынын балдарына орто мектепте сабак берген. [1]

1943–50-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук ил. кызматкер болгон.

1950–51-ж. ошол эле филиалдын Тарых, тил ж-а адабият ин-тунда директор.

1951–54-ж. КМУнун ректору,

1954–55-ж. Кыргызстан ИАнын коомдук илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы,

1965–76-ж. вице- президент,

1976–82-ж. Тарых ин-тунда сектор ж-а бөлүм башчы.

1982-жылы 31-октябрда Бишкекте каза болгон. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча"көрүстөнүнө коюлган.

Ж-дун ил. изилдөөлөрүн 2 этапка бөлсө болот: 1-этабы 1966–82-ж. изилдөөлөрүнө 18–19-к. ж-а 20-к-дын башталышындагы кыргыз элинин тарыхын изилдөө мүнөздүү.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы - Настабүбү Иманкулова (1919 - 2010), кесиби боюнча мугалим болгон (Бишкекте №5 мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген).

Академик Б.Жамгырчиновдун үч уулу, бир кызы бар.

Тун уулу - тарыхчы, доцент, т.и.к. Мидил Жамгырчинов (1938-жылы туулган).

Мидилден кийин - кызы Лариса (1940-жылы туулган).

Ортончу уулу - Меликпек (1946-жылы туулган).

Дагы бир уулу - Аскар Жамгырчинов - учурунда таланттуу жаш кинорежиссер катары таанылган (1950-жылы туулган).


 
Академик Б.Жамгырчиновдун тун уулу, КУУнун профессору, т.и.к. Мидил Жамгырчинов. 22.06.2010.

Небере-чөбөрөлөрү бар.

Илимий-чыгармачыл мурасы түзөтүү

Б.Жамгырчиновдун эмгектеринин арасында кыргыздардын этногенезине ж-а этностук тарыхына, маданиятына («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-к-дын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946 ж. б.) арналгандары да бар.

Негизги ил. эмгектеринин бири Россия м-н Кыргызстандын мамилелерин изилдөөгө арналган.

Илимий изденүүсүнүн 2-этабындагы эмгектери кыргыз тарыхынын ар кандай багыттарына арналган, о. эле кеңири белгилүү эмгектерди ж-а окуу куралдарын жазган.

Ж. – 140тан ашык ил., окуу китептердин ж-а кеңири белгилүү эмгектердин (а. и. 8 монография, 3 китепке авторлош) автору.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Джамгерчинов, Бегималы. Очерки политической истории Киргизии ХIX века / Б.Джамгерчинов. — Фрунзе: Кыргызстан, 1966. — 429 с.
  • Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Северной Киргизии к России: Дисс. ... доктора ист. наук. – Ленинград, 1950. – Т. 1. – 604 с. (рукопись на русск.яз.). [2]
  • Джамгерчинов Б.Д. Добровольное вхождение Киргизии в состав России. – 2 изд. – Ф., 1963.
  • Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Киргизии к России. – М.: Изд-во социально-экономической литературы, 1959. — 435 с.
  • Джамгерчинов Б.Д. Очерки политической истории Киргизии XIX в. — Фрунзе, 1966.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кыргыз Респ-нын илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты (1970).

Ленин, Октябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эстутум түзөтүү

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине академик Жамгырчиновдун ысымы ыйгарылган.

Маркум тарыхчы Игорь Николаевич Грандин (22.6.1964 – 29.10.2014) академик Б. Жамгырчинов тууралуу кандидаттык диссертациялык эмгекти ийгиликтүү коргогон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтуна академик Б.Жамгырчиновдун ысымы ыйгарылган (2017).

Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун жүз жылдык мааракесине арналган илимий жыйын 2014-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында жана 22-ноябрда ал туулуп-өскөн Күн-Туу айылындагы анын ысымын алган орто мектепте өткөрүлдү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыздын туңгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчиновго 100 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т. К. Чоротегин. – Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 76 б. - “Мурас” фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. - ISBN 978-9967-12-443-1.
  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Чакан сүрөт баян түзөтүү

 
Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун тун уулу Мидил Жамгырчинов, тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти. Бештин айынын 1и, 2014-жыл.
 
Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун атасы Жамгырчынын күмбөзү. Күн-Туу айылынын батыш көрүстөнү, Сокулук району, Чүй облусу, Кыргызстан.
 
Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун атасы Жамгырчынын күмбөзүндөгү жазуусу бар таш. Күн-Туу айылынын батыш көрүстөнү, Сокулук району, Кыргызстан.
 
Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун чакан айкели. Күн-Туу айылындагы Б.Жамгырчинов атындагы орто мектеп, Сокулук району, Кыргызстан. 22.11.2014.
  1. https://rus.azattyk.org/a/kyrgyzstan_ukraine_history/25008727.html
  2. http://bizdin.kg Archived 2022-01-23 at the Wayback Machine /книга/присоедение-северной-киргизии-к-россии-т-1/