Бейше Молдогазиев

Молдогазиев Бейше‎»‎ барагынан багытталды)

Бейше Молдогазиев (1940-ж. т., Нарын району, Эчки-Башы айылы) — эгемен Кыргызстандагы милициянын генерал-майору (1991), коомдук ишмер, мурдагы ЖК депутаты (1991-1994).

Генерал Бейше Молдогазиев туулуп-өскөн айылы Он-Арчада. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 2012-жылдын 4-октябры.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

 
Генерал-майор, ардагер Бейше Молдогазиев. 12.1.2021.

Бейше Молдогазиев 1940-жылы Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча кыштагындагы Эчки-Башы айылында туулган. Анын ата-теги тынымсейит уруусунан болгон.

Айылындагы мектептен окуган.

1963-ж. Москвадагы мамлекеттик дене тарбия институтун, андан соң Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетин, Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүткөн.

Эмгек жолун Кыргызстандагы Нарын шаарында балдардын спорт мектебинде машыктыргыч болуп баштаган.
[1] 1964-жылдан ал Кыргызстан ЛКЖС БКнын аппаратында адегенде спорттук жана массалык коргоо секторунун башчысы, анан бөлүм башчысы.

1969—72-ж. Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн инструктору,

1972-жылдан Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы болуп иштеген.

1975-жылдан Кыргызстан КП БКнын партиялык уюштуруу иштер бөлүмүнүн инспектору болгон.

1978—83-ж. Кыргызстан КП Нарын облустук комитетинин катчысы болуп иштеген.

 
Генерал-майор Бейше Молдогазиев жубайы Жамал Акунова менен. 12.1.2021.


1983-жылдан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде саясий бөлүмдүн начальниги, кадр жана тарбия иштери боюнча министрдин орун басары болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айтылуу тарыхый чакырылышынын депутаты болгон (1991—94).

Депутат кезинде коррупцияга каршы иликтөөлөр, асыресе, Кум-Төр кени жана алтын чатагы, жемкордукту иликтөө менен байланыштуу иликтөөлөр камтылган парламенттик "Алтын комиссиясынын" мүчөсү болгон.

Учурда эмгек ардагери.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жашайт.

Айылдаштары түзөтүү

Бейше Молдогазиев туулуп-өскөн тоо койнундагы Эчки-Башы айылынан айтылуу манасчы Дуңкана Кочуке уулу чыккан.

Дуңкана айткан "Семетейдин" варианты Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталууда.

Кыргыздын чыгаан диктору Капар Алиев жана анын карындашы, кыргыздын туңгуч архитектор окумуштуу айымдарынын бири Вера Алиева да Эчки-Башы кыштагында туулуп өскөн.

 
Капар Алиев. 1960-жылдардын акырындагы үй-бүлөлүк сүрөт архивинен. Бишкек (Фрунзе) шаары, Кыргызстан.

Эчки-Башыдан акын айым Жумакан Тынымсейитова, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов сыяктуу белгилүү зыялылар туулуп өскөн.

 
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 11.3.2012.

Ушул айылдан чыккан башка таанымал инсандардын арасында Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер композитор Сайыргазы Түркмөнов менен Султан Мамбетбаев, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Какен Мамбеталиева, журналист Сулайман Мамбеталиев, тилчи окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, Анкара университетинин окутуучусу Гүлзуура Жумакунова бар.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • «Жекече эрдиги үчүн» ордени жана медалдар менен сыйланган.
  • «Мыкты чек арачы», «Ички аскер мыктысы (отличниги)» деген наамдарга ээ.

Кыскача адабият тизмеси түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1977-1980. - Т.1-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев (Чоротегин) Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — 288 бет. — (ISBN 5-89750-028-2)

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

Айылдаштары. Мекендештери. Ар кыл сүрөттөр түзөтүү

 
Жазуучу Кеңеш Жусупов өзүнүн туулуп-өскөн Он-Арча айылында. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
 
Жазуучу Кеңеш Жусупов жана генерал Бейше Молдогазиев өз жердештери менен. Он-Арча айылы, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
 
Журналист, ардагер Сулайман Мамбеталиев өзүнүн Он-Арча айылында жакын туугандары Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу менен. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.
  1. * Генерал Молдогазиев versus ишкер Молдогазиев