Какен Мамбеталиева
Этнолог, тарыхчы Какен Мамбеталиева (1980-ж.).
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Мамбеталиева, Какен
Туулган жылы: 1936-жыл
Туулган жери: Эчки-Башы айылы, Он-Арча айыл өкмөтү, Нарын району, Нарын облусу
Каза болгон жылы: 1984-жыл
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген жери: Кыргыз Мамлекеттик университети (азыркы Кыргыз Улуттук университети)
Ишмердүүлүгү: окумуштуу-этнограф, тарыхчы, педагог
Альма-матер: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети
Илимий тармагы: этнография, этнология

Какен Мамбеталиева (Kaken Mambetalieva; 05.04.1936 — 30.07.1984) - кыргыз этнографиясы жаатында жаңы багытта тайманбай иштеп, илим “дыңын” бузуп, кыргыз тарых илиминин жаңы тармагын түптөөгө ири салым кошкон тарыхчы айым, тарых илимдеринин кандидаты (1966), доцент (1971). Ал кыргыздын туңгуч этнограф айымы катары тарыхта калды.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Какен Мамбеталиева 1936-жылы чын куран (апрел) айынын 5инде Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагындагы Эчки-Башы кыштагында туулган. Атасы - Мамбеталы Черикчи уулу Үмөтаалы небереси колунун көөрү төгүлгөн уста, энеси Жумабүбү - уз болгон. Агасы — белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев карындашына өмүр бою насаатчы жана жөлөк болуп келген.
Оболу Какен Эчки-Башы айылындагы жети жылдык мектептен окуй баштаган. Андан соң Нарын шаарындагы Токтогул атындагы мектепте окуп, толук эмес орто билим алган. Андан соң Нарын педагогикалык окуу жайына (азыркы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине) кирип, окуу жайды 1952-жылы мектептер бөлүмү адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.
Андан соң Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырган. Студент кезинде этнограф Клавдия Ивановна Антипина менен таанышып, анын шакирти болгон. 2-курстан тартып К.И.Антипина айым менен чогуу Кыргызстандын түштүгүнө илимий экспедицияларга чыгып турган. Сүрөттү мыкты тарткан.
Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин) артыкчылык диплом менен аяктаган. Андан соң Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунда иштеп калды.
Ал 1950-жылдардын соңу - 1960-жылдардын башында советтик этнография илиминин мыкты адистеринен сабак алып, азыркы кыргыз этнография илим тармагын түптөгөнгө бараандуу салым кошкон алгачкы кыргыз кыздарынан. Какен Мамбеталиева этнография жаатындагы кандидаттык диссертациясын СССР Илимдер Академиясынын Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнөн жактаган. Анын устаттарынын бири айтылуу этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.
1963-жылы К. Мамбеталиева “Кыргызстандын таш көмүр өнөр жайындагы кыргыз кенчилеринин турмуш-тиричилиги жана маданияты” деген китебин орус тилинде жарыялаган.
1964-жылы СССРдин борбору Москвада өткөн Антропологиялык жана этнографиялык илимдердин дүйнөлүк конгрессинде Какен Мамбеталиева баяндама жасап, ал англис тилинде жарыкка чыккан. 1971-жылы “Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайындагы кыргыз жумушчуларынын үй-бүлөсү жана бүлөлүк-никелик мамилелери” деген китебин орусча жарыялайт.
1971-жылы СССР Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечимине ылайык доцент илимий наамын алган.
Анын бир катар илимий макалалары өз доору үчүн этнография илиминдеги жаңы саамалык болгон. Түптөлүп келе жаткан чакан өнөр жай шаарларындагы мурдагы көчмөн жана дыйкан кыргыздардын урпактарынын салт-санаасы жана турмушу алгачкы жолу атайын этнографиялык иликтөөгө алынган.

Какен Мамбееталиева Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде этнография боюнча ырааттуу дарстарды, атайын курстарды окуп, нечендеген жаш адистерге этнография тармагы боюнча илимий сапарга чыгууга багыттама берген.

Дарс окуп коюу менен чектелбестен, Какен жатаканага келип, коллоквиум өткөрүп, студенттер менен жекече иш алып барчу, алардан дүйнөлүк этнографиялык илим, жалпы дүйнө элдеринин этнографиялык мурасы тууралуу өз алдынча окуусун талап кылчу.

Муну советтик усул катары терс баалачулар азыр четтен чыгат. Бирок ал кезде (1960-70-жылдары) тарых илими боюнча окуу китептер дээрлик орус тилинде гана болуп, кыргыз энциклопедиясынын алгачкы томунун материалдары жаңыдан гана басмаканага жиберилип жаткан. Интернет түгүл, компютер түшкө кирчү эмес. Айылдан жаңы келгендер “сабатсыздыкты жоюунун” жаңы баскычын баштан кечирген.

Дал ушундай кубаттуу дарстын жана андан кийинки ырааттуу жекече сабактардын натыйжасында, Мамбеталиеванын окуучулары ата-бабалары түшүндө да укпаган чет элдик мяо-яо, кхмер элдери тууралуу жана байыркы шумер сыяктуу өлүп-жок болгон тилдер жөнүндө кеңири билим алышкан.

Тилдердин аталышын эле жаттабастан, студенттер тилдерди ар кыл тил түркүмдөрүнө бөлүп системалаштырчу. Кийинчерээк, мен араб тилин үйрөнө баштаганда, бул маалымат мага кыйла өбөлгө болду. “Алтай” теориясына ылайык, түрк, монгол, тунгус-манчжур, корей, жапон тилдери тээ алмустакта орток тилдик тамырдан келип чыкканы тууралуу илимий жоромолду да К.Мамбеталиева студенттерине баяндаган.

К.Мамбеталиева өзгөчө маашырлануу жана ыраазылык менен белгилеген окумуштуулардын бири - Юрий Валентинович Кнорозов болчу. Бул советтик (орусиялык) чыгаан окумуштууга 1947-жылы археолог жана чыгыш таануучу Сергей Токарев келип: “Айрым окумуштуулар майя жазмасы эми эч качан чечилбейт ко деп жатышат. Балким, сен бул жоромолдорду төгүндөй алаарсың. Кантип эле адам баласы ойлоп тапкан жазууну башка адам чечмелей албай калсын?” деп, бул жазманы кылдат иликтөөнү сунуш кылат. Кнорозов бир нече жылдык талыкпаган эмгегинин натыйжасында майя жазмасын чечмелөө (дешифрлөө) үчүн ачкыч табат. Илимде ири бурулуш жасаган макаласын ал 1952-жылы “Советская этнография” журналына жарыялайт. Ошентип, б.з. IV-VIII кылымдарда өзгөчө гүлдөп-өсүп, IX кылымдан тартып төмөндөй баштаган майя цивилизациясынын чыныгы турмушунун көшөгөсү ачылган.

(Ушул улуу ачылыштын ээси Юрий Кнорозов совет доорунда чет өлкөгө чыгууга укуксуз болуп келгенин, өзү эңсеген тарыхый майя жергесине (Борбордук Америка жана Түштүк Мексика) саякат жасоого эч мүмкүндүк ала албагандыгын 1991-жылы сентябрда америкалык илимпоз Michael D. Coe – Майкл Д.Коу мырза Archaeology журналындагы макаласында жазган).

Какен Мамбееталиева өзү жакшы тааныган окумуштуу Ю.Кнорозов сыяктуу жана башка нечендеген залкар илимпоздор жана алардын ачылыштары тууралуу мол маалыматты айтканда, студенттеринин көздөрү жалжылдап, өздөрү да ушундай унутулган тарыхый барактарды жана тилдерди ачууга ынтызар болгондой кебетеленип кетчү. Азыр да мындай мүдөө илимдин күн тартибинде кала берүүдө. Узакка барбай эле, Борбордук Азиянын түндүк-чыгыш аймагындагы сак-усун доорунан калган Эшик (казакча – Есик: орусча - Иссык) жазмасын алсак – күнү-бүгүнкүгө чейин ал чечмелене элек.
Какен Мамбеталиева этнографиянын бир нече тармактарга бөлүнөөрүн, башка да илимий тармактарды айкалыштырып үйрөнүү аркылуу гана туура илимий жыйынтык чыгарууга болоорун баса белгилечү. Маселен, кыргыз тилин билбей туруп, кыргыз этнографиясы тууралуу илимий эмгектер, диссертациялар жазган “окумуштуулар” арбын болду. Ошол эле учурда, кыргызча суудай билген же кыргыз этнографиясын иликтөөдө башат ачып берген С.М.Абрамзон сыяктуу илимпоздор адилетсиз сынга алынган учурлар орун алды.
Дал ошол идеологиялык тар калып кедерги кескен кезеңде Какен Мамбеталиева үчүн кыргыз этнографиясын иликтөөдө кыйла чектөөлөр коюлгандыгы пост-советтик доордо гана ачык айтылды. Кыргыздын уруу аталыштарын, фольклордук мурасын үйрөнбөй туруп, кыргыз этнографиясын иликтөө да мүмкүн эмес эле.
Какен Мамбеталиева КУУдагы эң мыкты окуган айрым студенттерге студенттик илимий конференциялар үчүн баяндама жасагыла, реферат, дипломдук иш даярдагыла деп ар кыл темалар берип, аларга багыт көрсөткөн. Анын окуучуларынын бири - тарыхчы, саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов.
Какен Мамбеталиева, жашыраак кесиптеши, археолог Бейше Урстанбеков, “Байыркы чыгыш тарыхын” окуткан Таабалды Мурзабеков жана башка агай-эжекелер (алардын көбүнүн көзү өтүп кетти) биринчи курстун студенттерин “телчиктирүү” үчүн КУУнун тарых факультетинин жатаканасына кечинде келип, кошумча сабак беришчү.
Какен Мамбеталиева илим деп жүрүп турмушка чыккан эмес болчу.
Кыргыздын туңгуч этнограф айымдарынын бири болгон Какен Мамбеталиева турмушунда илимге да, студенттерге да, чогуу иштешкен кесиптештерине да акыйкат болгон. Тамашалай да билген.
Окуучусу Т. Чоротегин эскерет:
"Эсимде, калктардын кесиби менен байланыштуу этнографиялык терминдер тууралуу талдап келип, түштүктүк бир курсташыма:
- Базарбаев, жүгөрүнү силер жакта “миэккэ” дейт да, ээ? – деп күлүп айтып калды.
- Ооба, эжеке, “мэке” делет, - деп ал күлүп жооп берди".

Какен Мамбеталиева доктордук диссертациясын жазууну аяктаган чагында, 1980-жылдын күзүнөн тартып катуу ооруп калды. Бир нече жыл кесел менен күрөштү.
Ал 1984-жылы теке (июль) айынын 30унда, кырк сегиз жашында, илимий жогорку сересине көтөрүлүп, чыгармачыл мектебин ого бетер өркүндөтөөр күлгүн чагында түбөлүк жайга узап кете берген.

Эстутум түзөтүү

Нарын шаарындагы чөлкөм таануу музейи 2011-жылдан тартып Какен Мамбеталиеванын ысымын алып калды. 2012-жылы 18-майда белгилүү скульптор Садыр Макеевдин колунан жаралган окумуштуунун бюсту музейдин алдына орнотулду.

2007-жылы, 2009-жылы жана 2010-, 2012-, 2016-жылдары Бишкекте Какен Мамбеталиеванын элесине арналган эл аралык илимий жыйындар болду.

2016-жылдын чын куран (апрель) айынын 5инде Какен Мамбеталиева таалим алган жана өмүрү өткөнчө иштеген Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү” аттуу илимий жыйын жана эскерүү чаралары өткөрүлдү. Бул жыйын жана эскерүү чаралары элибиздин туңгуч этнограф айымынын 80 жылдык мааракесине арналды.

 
Какен Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналган жыйын. Бишкек. 19.5.2012.

Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналган «Борбордук Азиянын көп этностуу коомунун маселелери: Көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн болжолдору» аттуу эл аралык жыйын Бишкекте (КУУ) 2012-жылы бугу айынын 19нда өттү.


Бүгүнкү күнү кыргыз этнографтары жана тил изилдөөчүлөрү тээ Энесай (Хакасия жана Тыва), Алтай, Монголия, тарыхый Чыгыш Түркстан (азыркы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагы), Манчжуриядагы (Хэйлуңжандагы) Фу-Йү аймагы, Итил, Урал, Фергана, Кичи Азияга чейин ээн-эркин жана байма-бай каттап, совет доорунда болуп көрбөгөндөй эркин шартта иш алып барууда.

Маселен, таланттуу кыргыз археологу Кубатбек Табалдиев 2005-жылы майя, ацтектердин маданиятын иликтеген археологдордун Борбордук Америкадагы казуу иштерин жеринен көрүп кайтты. Тарыхчыларды төбөсүнөн ныгырган идеологиялык цензура да жок.

Бирок азыркы кыргыз тарыхчылары өздөрү таканчыктап турган калбаат пайдубалды кургандардын арасында көрүнүктүү этнограф айым Какен Мамбеталиева да бар экенин анын бүгүнкү алатоолук шакирттери жана сапарын улантуучулары дурус билишет.

Жакын туугандары тууралуу түзөтүү

Какендин агасы Сулайман Мамбеталиев (1928 -- 21.12.2021) - кыргыздын ардагер журналисттеринен. Ал өмүр бою Кыргызстандын журналистика тармагында эмгектенип келет. Бир катар китептер да жарыялаган.

Агасы Сулаймандын кызы Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (29.01.1956-ж., Фрунзе - 25.4.2017, Бишкек) – кыргызстандык илимпоз жана коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору (2009), философия илимдеринин кандидаты (1999), Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, таланттуу окумуштуу жана меценат айым эле.

 
Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (29.01.1956 - 25.4.2017).

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Мамбеталиева Какен. Быт и культура шахтеров-киргизов каменноугольной промышленности Киргизии. – Фрунзе: Изд-во АН Киргизской ССР, 1963. – 122с.
  • Мамбеталиева К., Антипина К.И., Джумагулов А. Национальные традиции в современной материальной культуре и прикладном искусстве киргизов. На русск., англ., фр., немец.языках. – М.: Изд-во «Наука», 1964. – 15с.
  • Мамбеталиева Какен. Выдающийся деятель Коммунистической партии и Советского правительства (к 100-летия Н.К. Крупской) // Коммунист. – Фрунзе, 1969, №2. С.6.
  • Мамбеталиева К., Бутенко Н.П. Киргизские имена сегодня // Сб. стат. «Личные имена в прошлом, настоящем и будущем». – М., 1970.
  • Мамбеталиева Какен. Семья и семейно-брачные отношения рабочих-киргизов горнорудной промышленности Киргизии. – Фрунзе: Изд-во КГУ, 1971. – 43с.
  • Мамбеталиева Какен. Основные этапы истории формирования и дальнейшего развития рабочего класса горнорудной промышленности Киргизии // Труды Киргизского государственного университета. Серия историческая. Вып.XII. – Фрунзе, 1972. С.40-78.
  • Мамбеталиева Какен. О периодизации истории формирования социалистического быта и культуры рабочего класса Киргизии // Тезисы докладов Всесоюзной этнографической конференции, посв.этногр.изучению совр. – М.: Нальчик, 1975. С.50-52.
  • Мамбеталиева Какен.  Быт рабочего класса Киргизии // Коммунист. – Фрунзе, 1975, №2. С.6.
  • Мамбеталиева Какен. Раздел «Основы этнографии и история первобытного общества». Методические указания для студентов заочн.истфака КГУ. – Фрунзе: Изд-во КГУ, 1970.
  • Мамбеталиева К.М. Изменения в домашнем быту и интерьере жилища рабочих Кыргызстана // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик» 2007. – 388с. С.40-76.
  • Мамбеталиева, Какен. Жилище и жилищно-бытовые условия рабочих Кыргызстана [Текст] / Какен Мамбеталиева. - Бишкек: Акыл, 2007. - 124 с. - ISBN 5-655-01464-5 : 75 р.

ББК 63.529(54)6-423

Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары түзөтүү

  • Акунов А.А. Илимий жетекчини эскерүү // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б., «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.25-28). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Акунов А.А. Карга ары-бери оонатып, анан ороп койду эле, бала тып уктап калды // Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү: Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын (1936-1984) 80 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу редакторлор проф. Г.С.Мамбеталиева, Т.К.Чоротегин. – Б.: MaxPrint, 2016. – 178+iv б., сүрөт. (Мында: 11-бетте). – ISBN 978-9967-12-547-6.
  • Асанканов А.А. Слово об учителе // Мамбеталиева К. Жилище и жилищно-бытовые условия рабочих Кыргызстана (историко-этнографический очерк). – Б.: «Акыл», 2007. (Здесь: С.5-8). – ISBN 5-655-01464-5.
  • Асанканов А.А. Талантливый ученый и замечательный педагог // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.4-7). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Асанканов А.А. Кыргыздын алгачкы этнограф кызы К.Мамбеталиеванын баштаган ини уланып жатат // Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү: Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын (1936-1984) 80 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу редакторлор проф. Г.С.Мамбеталиева, Т.К.Чоротегин. – Б.: MaxPrint, 2016. – 178+iv б., сүрөт. (Мында: 11-12-беттерде). – ISBN 978-9967-12-547-6.
  • Бедельбаев А. Асыл устатыбыз Какен Мамбеталиева жөнүндө учкай сөз // Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү: Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын (1936-1984) 80 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу редакторлор проф. Г.С.Мамбеталиева, Т.К.Чоротегин. – Б.: MaxPrint, 2016. – 178+iv б., сүрөт. (Мында: 13-бетте). – ISBN 978-9967-12-547-6.
  • Бектурганова Күлбүбү. Кыргызстандын асыл кыздары. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 416б. (Мында: 372-377-беттерде). – ISBN 9967-14-040-2.
  • Бектурганова Кульбюбю. Дочери земли кыргызской. – Б.: «Бийиктик», 2007. — 336 с. + 16 с. (Здесь: С.224-232). - ISBN 978-9967-13-319-8.
  • Жекшелаев Кадырбек, Мукамбетов Сталбек. Бугу уруусунун тарыхый инсандары. – Б.: «Максат», 2015. – 420б. (Мында: 164-165-беттерде). – ISBN 978-9967-13-776-9.
  • Калибекова Д.Т. Человек и профессионал // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.14-15). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Каратаев О.Н., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: «Бийиктик», 2005. – 600б. (Мында: 221-бетте). – ISBN 9967-13-159-4.
  • Күмүш Суранова. Уялашыма. Кайыр кош, Какен курбум!. – Б.: Нур-Ас, 2010. – 100б. (Мында: 27-28-беттерде). – ISBN 978-9967-409-90-3.
  • Макешов Кабыл. Этнограф Какен Мамбеталиеванын көөнөрбөс тарыхый мурастары // Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү: Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын (1936-1984) 80 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу рекдакторлор проф. Г.С.Мамбеталиева, Т.К.Чоротегин. – Б.: MaxPrint, 2016. – 178+iv б., сүрөт. (Мында: 13-16-беттерде). – ISBN 978-9967-12-547-6.
  • Мамбеталиев Сулайман. Дайыма сыймыктанам // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Аскар Маткабыл уулу Салымбеков. – Б.: «Кыргызполиграф комбинат» ААК, 2006. – 480 б. (Мында: 88-93-беттерде) – ISBN 9967-23-866-6. // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.25-32). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Мамбеталиев Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282б., сүрөттөр. – (Мында: 136-бетте). – ISBN 978-9967-25-251-1.
  • Мамбеталиев Сулайман. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков) – Б.: «Турар», 2013. – 320б. (Мында: 86-88-беттерде). – ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Мамбеталиев С. Карындашым эл сыймыгына ээ болду // Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү: Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын (1936-1984) 80 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу редакторлор проф. Г.С.Мамбеталиева, Т.К.Чоротегин. – Б.: MaxPrint, 2016. – 178+iv б., сүрөт. (Мында: 16-18-беттерде). – ISBN 978-9967-12-547-6.
  • Мамбеталиева Г.С. Какен эжем – туңгуч кыргыз этнограф кызы // Калыков Ш. Шумкарлар учкан бийиктик. – Б.: «Бийиктик», 2006. (Мында: 135-151-беттерде). – ISBN 9967-23-466-01.
  • Мамбеталиева Г.С. Какен Мамбеталиева – кыргыз этнография илимине өмүрүн арнаган таланттуу окумуштуу жана жемиштүү педагог // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.7-14). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Мамбеталиева Г.С. Кыргыз кыздарынын ичинен чыккан алгачкы этнограф-окумуштуу // Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү: Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын (1936-1984) 80 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу редакторлор проф. Г.С.Мамбеталиева, Т.К.Чоротегин. – Б.: MaxPrint, 2016. – 178+iv б., сүрөт. (Мында: 18-21-беттерде). – ISBN 978-9967-12-547-6.
  • Момбекова Ж.К. Кыргыз элинин эмгекчил кызы // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.32-34). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору: А. Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). – ISBN 5-89750-100-9.
  • Нарын облусуна 70 жыл. Энциклопедия / Башкы редактору Бакашов М.А.; Ред. Кеңештин төрагасы Суваналиев Ө., Айдаралиев Т. – Б.: «Бийиктик», 2009. – 296б. (Мында: 228-бетте). – ISBN 978-9967-13-609-0.
  • Өмүрбеков Т.Н. Тарых факультетинин тарыхындагы доцент К. Мамбеталиеванын орду // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.19-22). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Тынчтыкбек Чоротегин. Кыргыздын туңгуч этнограф кызы – Какен Мамбеталиева (Жетимиш жылдык мааракесине карата) // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.34-39). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – ISBN 5-89750-028-2.
  • Эдилова М.М. Илимге имерген эжекем // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.16-19). – ISBN 978-9967-13-327-3.
  • Энелер жашоо тиреги – турмуш туткасы / Жыйнакты түзгөн Жумаева Р.Р. – Б.: «Инсанат», 2014. – 496б. (Мында: 449-450-беттерде). – ISBN 9967-13.
  • Эралиев З.Э. Көрүнүктүү этнограф-окумуштуу, үлгүлүү тарыхчы // Этносоциальные и этнокультурные процессы в Кыргызстане с древнейших времен до наших дней / Ответственные редакторы: Асанканов А.А., Мамбеталиева Г.С. – Б.: «Бийиктик», 2007. – 388с. (Здесь: С.22-25). – ISBN 978-9967-13-327-3.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү