Молдо Багыш Сарыбай уулу

Молдо Багыш Сарыбай уулу (1888-1937) — 1888-жылы Аксы аймагындагы Авлетим айылында туулуп, үч айлыгында энеден, үч жашында атадан жетим калат. Молдо Асандын үйүндө жүрүп сабатсыздыгын жойгон. 1930-жылдары сүргүндө болгон. Анын улуу акын Токтогул, Женижок, Эшмамбет жана казактын улуу акыны Жамбыл менен айтышкандары сакталып калган.

Молдо Багыштын жазган ырлары араб арибинен которулуп, 1998-жылы «Абак дептери» деген ат менен жарык көрдү. Китепке түрмөдө жазган санат-насыят ырлары топтолгон.

Акын 1937-жылы Аксыдагы Кичи-Акжол айылында каза болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз поэзиясынын антологиясы. К. Жусупов 1-том. Бишкек-1999ж.