Аксы району
Аксы району (1992-жылга чейин — Жаңы-Жол району) — Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы район. Административдик борбору — Кербен шаары[3].
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Ири шаары | |
Башчысы |
Замирбек Сыдыков[1] |
Калкы |
135 010 адам[2] |
Улуттук курамы | |
Диний курамы | |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Телефон коду |
+996 3724 |
Расмий сайты | |
Географиясы
түзөтүүРайон облустун борбору Жалал-Абад шаарынан түндүк-батыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте, Фергана өрөөнүнүн түндүк четинде жайгашкан.
Аксы району Өзбекстандын Наманган облусунун төрт району менен чектешет (Жаңы-Коргон, Чартак, Үйчү, Үч-Коргон). Аксы районунун Өзбекстан Республикасы менен болгон чек арасынын узундугу 142 км түзөт.
Райондун аймагында азыркы убакта төмөнкү коруктар түзүлгөн жана иштейт:
- Авлетим-Ата мамлекеттик табият паркы
- Аркыт токой чарбалыгы (1936-жылы негизделген)
- Падыша-Ата мамлекеттик коругу
- Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу
- Разан-Сай ботаникалык заказниги
- Жел-Тийбес ботаникалык заказниги
- Балтыркан токой заказниги
- «Кара-Жыгач аскасы» гидрогеологиялык заказниги (табият эстелиги).
Калкы
түзөтүүКыргызстандын 2009-жылкы элди каттоосу боюнча райондун калкынын саны 113010 адам. Алардын ичинен кыргыздардын саны 107447 адам (95,1 %), өзбектер — 4802 адам (4,2 %), орустар — 305 адам (0,3 %).
Административдик бөлүнүшү
түзөтүүРайондо 1 райондук маанидеги шаар, 11 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 78 айыл бар[4].
Райондук маанидеги шаар жана анын курамындагы айылдар:
Айыл аймактары жана алардын курамындагы айылдар:
- Ак-Жол айыл аймагы: Ак-Жол (борбору), Жолборсту, Кара-Тыт, Кечүү, Райкомол, Тегене, Кызыл-Бейит, Күрп, Разан-Сай;
- Авлетим айыл аймагы: Авлетим (борбору), Байкашка-Терек, Дерес-Сай, Жаңгактуу-Булак, Ит-Агар, Коргон, Мукур, Тегирмен-Сай, Товар-Сай;
- Жаңы-Жол айыл аймагы: Жаңы-Жол (борбору), Кой-Таш, Таштак, Терс;
- Ак-Суу айыл аймагы: Ак-Суу (борбору), Ак-Сай, Коргон-Дөбө, Кум-Булуң, Мор-Булак, Төө-Басты;
- Кара-Жыгач айыл аймагы: Кара-Жыгач (борбору), Дардак-Дөбө, Кара-Ой, Сыны, Тор-Камыш, Чарба;
- Кашка-Суу айыл аймагы: Кашка-Суу (борбору), Жаңы-Айыл, Кара-Дөбө, Согот, Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Чарбак, Кара-Башат;
- Мавлянов айыл аймагы: Атана (борбору), Мундуз, Сары-Кашка, Семет, Торук, Улук, Чие, Таш-Жар, Жаңгак;
- Кызыл-Туу айыл аймагы: Кызыл-Туу (борбору), Аркыт, Жылгын, Жол-Сай;
- Кара-Суу айыл аймагы: Топ-Жаңгак (борбору), Жүзүмжан, Кара-Суу, Кезарт, Кызыл-Көл, Сай-Булуң, Түрдүк, Чалдыбар, Чат;
- Жерге-Тал айыл аймагы: Жерге-Тал (борбору), Боспиек, Кызыл-Капчыгай;
- Үч-Коргон айыл аймагы: Кызыл-Жар (борбору), Жыл-Кол, Кум, Нарын.
Эскертүү: Таш-Көмүр — Жалал-Абад облусунун облустук маанидеги шаары. Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар шаар тибиндеги посёлоктору (штп), Теңдик, Кашкулак-Сай, Чүйүт-Сай, Кызыл-Алма жана Кудук-Сай айылдары Таш-Көмүр шаарынын курамына кирет.
Талаш аймактар
түзөтүүБул бөлүмдөгү маалыматтар эскирген. Маалыматты жаңыртып, долбоорго жардам бере аласыз.
|
Аксы районунун Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек арасынын бөлүктөрүндө 8 талаш жерлер бар, алардын жалпы аянты 513 га. Чек аранын белгисиздиги эки өлкөнүн жарандары ортосунда болуп чыккан чыр-чатактардын негизги себеби.
2002-жылы Аксы районунда калк менен укук коргоо органдары ортосунда жаңжал чыккан. Калктын талаптарынын бири болуп кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимден баш тартуу болгон.
Тарыхы
түзөтүүМурда Ош облусунун курамына кирчү. 1990-жылы Жалал-Абад облусуна өткөн. 1992-жылга чейин Жаңы-Жол району деп аталган.
Белгилүү инсандары
түзөтүүЖеңижок Нүзүп Бий Токтосун Тыныбеков Бекназар Баатыр Алымкан Көксулуу
Бир катар даңазалуу инсандар, илимпоздор, коомдук ишмерлер чыккан.
Алардын арасында тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Жоробеков (1946-2016), экономика илимдеринин кандидаты Кадыржан Райымбеков, педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев, биология илимдеринин кандидаты Максатбек Казакович Мамытбеков, саясат таануу илимдеринин кандидаты Уран Токтоназарович Ботобеков, ж.б. чыккан.
Булактар
түзөтүү- ↑ Эсеналы Ормоналиев Аксы районунун акими болуп дайындалды. Super.kg. Текшерилген күнү 16 -июль (теке) 2020.
- ↑ 2.0 2.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 21 -декабрь (бештин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Enrin.grida.no. Текшерилген күнү 19 -июнь (кулжа) 2008. Түп булактан архивделген күнү 2 -август (баш оона) 2009.
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 29.04.2023