Башбаракты ачуу

Молдо Кылыч Шамыкан (Шамыркан) уулу (1866- 1917)- кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан — атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу.Кылыч беш жашка чыкканда анын атасы Шамыркан дуйнодон кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоноёт. Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казан шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт. Чыгармалары: “Чүй баяны”, “Керме тоо”, “Канаттуу”, “Кол казал”, “Кара Кочкор”, “Кыз-жигит”, “Мал казал”, “Жатакчылар”, “Чүй канаттуулары”.

Сатиралары: “Бүркүттүн тою”, “Он жети бий”, “Качанак Молдо Сулайман”, “Молдо Дүйшө”.
Санаттары: "Зар заман”“Азаматтар”, “Сапар”. Кошоктору: “Байтайлак” ж.б. Чыгармалары адам баласынын жүрүм-туруму жөнүндөгү этикалык ойлорго, накыл сөздөргө, тарбия-таалим идеяларына бай. «Чүй баяны», «Буудайык» чыгармасы табиятка каршы баруу адам баласы үчүн трагедия менен аякташы мүмкүн деген философиялык ойду билдирип турат. Молдо Кылычтын чыгармалары тоталитардык идеология узак мезгил бою саясий кодулоодо болуп, «кара сандыкка» жабылган. Анын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары илимий эмгек жазган окумуштуу Тазабек Саманчин «Улутчул», «Космополит» катары куугунтукка алынган. Молдо Кылычтын адабий мурастары демократиялык жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди, апасынын атын билбейбиз.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004 Молдо Кылыч. Казалдар.