Трагедия

  • 1. Драмалык чыгарманын бир түрү, аягы негизги каарманыдын өлүмү же кайгы-капасы менен бүтүүчү чыгарма. Түпкү келип чыгышы байыркы Греция искусствосуна байланыштуу. Алар шараптын кудайы делген Дионистин урматына эчкилерди сүзүштүрүп тамашалар өткөрүшкөн, мына ошол тамашалар трагедия деп аталган. Б.з.ч. X кылымда байыркы гректердин трагедиялары өзүнүн гүлдөө доорун башынан өткөрүп, Эсхил, Софокл жана Еврипид өңдүү улуу сөз чеберлери калтырды. Аристотель болсо ошол кездеги трагедиялардын негизги белгилерин ачып көрсөттү. Кайра жаралуу доорунда трагедия дүйнөлүк адабиятта жаңы баскычка көтөрүлдү. Ал Англиялык улуу драматург Шекспирдин ысмы менен байланышат. Анын «Гамлет», «Отелло», «Юлий Цезарь», «Король Лир», «Ромео менен Жульетта» деген классикалык трагедиялары бүгүнкү күнгө чейин кызыгуу менен окулуп, сахналарда коюлуп жүрөт. Советтик драматургияда да трагедияга зор роль таандык. Мында советтик турмушту сүрөттөөдө каармандын өлүмү менен бүтсө да оптимисттик пафос, бийик гуманизм даана көрүнүп турат. Мисалы, В. Вишневскийдин «Оптимисттик трагедиясын» атап көрсөтүүгө болот.
  • 2. Жалпы эле искусстводогу эркиндик менен эрксиздиктин; адилеттүүлүк менен кара өзгөйлүктүн, сулуулук менен куниктиктин ортосундагы күрөштүн келип чыгышы, сырткы көрүнүштө эркиндиктин, адилеттүүлүктүн, сулуулуктун жеңилиши менен аяктоочу, бирок көрүүчүнүн, окурмандын психологиясын тазартуучу эстетикалык категория. Трагедияда каарман чыгып кетүүгө мүмкүн болбогон карама-каршылыкта калат да, натыйжада, ал өлөт, же жеңилет, бирок мына ушул көрүнүш башка, кишилерди тазалыкка, ак ниеттүүлүккө, күрөшүүгө үндөйт. Мисалы. Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Баланын акырындагы тагдыры, жеңилиши миллиондогон окурмандардын сезиминде кара өзгөйлүккө каршы күрөшүү сезимин пайда кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004