Монгол-охота бүктөлүү аймагы

Монгол-охота бүктөлүү аймагы - Урал-Монгол геосинклиналдык бүкөлүү алкагын түзүүчү аймактардын бири. Монголиянын түн.-чыгышынан Охота деңизине чейин эки миңден ашык кмге созулуп жатат.

Бул аймакты 1926-ж. А. Е. Ферсман геохим. зона катары бөлүп, Монгол- Охота алкагы деп атаган. Монгол-охота бүктөлүү аймагы түн. жагынан Монгол-Охота, түш. тарабынан Түш. Гоби деп аталган те­рең жаракалар менен чектелет. Аймак рифейдин, астыңкы жана ортоңку палеозойдун геосинклиналдык катмарынан түзүлгөн.

Палеозойдун аягы менен триастын башталышында аймак бүт бойдон тоо пайда болуу (ороген) стадиясында болуп, ири көлөмдүү гра­нит массивдеринин жаралышына шарт түзүлгон. Монгол-охота бүктөлүү аймагындагы ме­зозой түзүлүштөрү деңиздик жана континенттик моласстар менен көмүрлүү катмарлардан туруп, мында жанар тоо тектери жана жирен чыккан гранитоиддер кеңири кездешет. Мезозой магма тоо тектери менен коргошун, цинк, алтын кендери байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.