Порфир (грекче porphyreos – кара кочкул, кыпкызыл) – палеотиптүү кычкыл эффузия тоо тектеринин жалпы аты. Профирге айнек сымал негизги масса жана анын арасында ортоклаз менен кварцтын, ошондой эле биотит жана роговой обманканын болушу (порфир структурасы) мүнөздүү. Профир ортоклаздуу же ортофир (трахиттин. аналогу) жана кварцтуу профир (липариттин, аналогу) болуп ажыратылат. Профир жегичтүү талаа шпаты, кычкыл плагиоклаз, кварц жана биотиттен турат. П.рофир – гипабиссалдуу жана тарамча түрүндөгү тоо тек. Текстурасы массивдүү жана флюидалдуу. Өңү боз, сары, күлгүн ж. б. түстө да кездешет. Профир жасалгалык сапаты менен айырмаланып, жасалма жана каптама таш катары өнөр жайда колдонулат.

Порфир.
Порфир.

Колдонулган адабияттар түзөтүү