Монгол жылкысыМонголияда өстүрүлүүчү жергиликтүү байыркы жылкы.

Монгол жылкысы.

Бою - жапыз, денеси - субагай, буттары - кыска, башы - чоң, моюну - кыска, эткээл, чыдамкай. Монгол жылкысынын өңү көбүнчө боз, Кызыл жанa тору. Айгырынын бийиктиги - 129,3 см. Монгол жылкысы басыктуу жана жүрүштүү келет. Ал унаа катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4.