Монго (монго-нкундо) — Конго Демократиялык Республикасында жашаган эл. Көптөгөн уруу жана субэтникалык топтордон турат. Ири субэтникалык топтор: нтомба, нкунду, еконда, мболе. Монгонун негизги бөлүгү Конго дарыясынын бурулушундагы тропикалык токойлордо жашайт[1].
Жалпы саны (ленгола, локеле и тетела менен бирге) — 5 млн адам.

Монго

Монго адамдары
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 5 млн адам
 Конго Демократиялык Республикасы

Тили

монго,
француз

Дини

католицизм,
жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

 кирет

бантулар

Монго айымдары. 1900-1915 жж.

Тил түзөтүү

Монго жана лингала тилдеринде сүйлөшөт. Ал тилдер банту уясына кирет. Француз тилин билишет.

Коом түзөтүү

 
Эквадордук провинциялык Монго үй-бүлөсү, 2007-жыл

Тропикалык токоюнун тереңдигинде жашагандар уруулук түзүлүштүн элементтерин жана башчылык институттарын сактап калышкан.

Дин түзөтүү

Көпчүлүк христиандар (католиктер). Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Алар ата-бабалардын культтарына (Ндзакомба жана Мбомбианда) жана табияттын рухтарына сыйынышат.

Маданият түзөтүү

Элдик оозеки фольклору бай — жомоктор (жаныбарлар жөнүндө), ырлар, макал-лакаптар, уламыштар, Иняня баатыр баба жөнүндөгү эпос ж.б.
Көркөм жыгач оюмдары байлыгын жана жогорку татаалдыгын көрсөтүп турат.

Чарбалык иштер түзөтүү

Негизги кесиби кол менен иштетилген тропикалык которуштуру чарбасы (ямс, маниок, батат ж.б.). Ошондой эле мергенчилик, балык уулоо, жыйноочулук менен да алектенишет. Монгонун бир бөлүгү плантацияларында (май пальма, кофе, каучук) жана айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү ишканаларда иштейт.

Турак жай түзөтүү

Салттуу шакек түрүндөгү конуштар, турак жай — конус төбөсү бар тегерек өрүлгөн алачык.

Кийим түзөтүү

Салттуу кийим — белдемчи. Азыркы учурда көпчүлүк заманбап кийим кийип калышты.

Тамак-аш түзөтүү

Негизги тамагы – соус кошулган ботко, отко куурулган эт.

Тарых түзөтүү

Азыркы мекенине монго ата-бабалары биздин замандын биринчи миң жылдыгында келишкен. Пил сөөгү жана кул соодасында активдүү катышкан. Андан кийин "нгула" (дарактан жасалган порошок – гигиеналык жана косметикалык продукт) сатууга өтүшкөн.
1885-1908 жылдары монго эли бельгиялык колонизаторлор тарабынан ырайымсыз эксплуатацияга жана геноцидге дуушар болгон.

Булактар түзөтүү

  1. Mongo people, Encyclopædia Britannica

Тышкы шилтемелер түзөтүү