Католицизм (грек. καθολικός (katholikos) – жалпы, бүткүл ааламдык) – православие жана протестантизм менен бирдикте христианчылыктагы негизги багыттардын бири.

Католициздин дүйнөгө таралышы

Христианчылык пайда болгондон тартып бүткүл ааламдык, кафоликалык, башкача айтканда курама деп аталган бирдиктүү христиан чиркөөсү болгон. Анын Константинополду борбор кылган чыгыш жана Римди ордого айландырган батыш деп аталган эки бөлөк чиркөөгө бөлүнүшү 9-кылымда башталып, 11-кылымда (1054 ж.) аяктаган. Алардын ар бири өзүн кафолик же роман-латынча католик чиркөөсү деп атаган.

Орус тилинде бул түшүнүккө «собордук» деген термин ылайык келет. Акырындык менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылык күч алат. Ал төмөнкүдөй факторлор менен шартталган: бир жагынан аталган чиркөөлөр европадагы мамлекеттерге саясий үстөмдүк орнотуу үчүн болгон күрөш менен байланышса, экинчи жагынан Константинополдун же Римдин таасирине туш болгон элдердин менталитетинин өзгөчөлүктөрү менен аныкталган.
Мисалы: чыгыш жана түштүк славян урууларынын маданияты, этностук аң-сезими, рухий дөөлөттөрү үчүн чыгыш христианчылыктын окуусу жакын болуп, натыйжада православие дини калыптанган.

Герман уруулары Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилиги астындагы батыш христианчылыкты кабыл алышкан. Христианчылык өз маңызы боюнча космополиттик (улуттук мүнөзгө ээ эмес) дин болсо да, тигил же бул элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүнө ыңгайланышуу менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарды кескин күчөтүп жиберген. Натыйжада, 1054-ж. христианчылык официалдуу түрдө эки багытка ажырап кеткен. Православие менен католицизмдин ортосундагы айырмачылыктар төмөндөгүлөргө негизделген:

1) 6–9-кылымдардын аралыгында чыгыш менен батышта ар кандай мүнөздөгү христиан догматикасы калыптанат. Рим-католик чиркөөсү догматтарды өнүктүрүү ынаным кабыл алган. Бул принцип боюнча чиркөө соборлору жаңы догматтарды кабыл алууга толук укуктуу.

Православ чиркөөсү бул принципти толугу менен четке кагат.
Мисалы: батышта ишенимдин Никей-Царьграддык символу «филиокве» (лат. filioque – уулдан дагы) деген түшүнүк менен толукталган. Башкача айтканда католик Чиркөөсү Никей-Царьграддык собордун чечимдери менен канааттанбастан, кийинки соборлорду да чакырган. Кийинки соборлордо кабыл алынган филиокве принциби боюнча Ыйык Рух Кудай Ата менен Кудай Уулдан дагы жаралган.

Православие дини Никей-Царьграддык собордун чечимдери менен толук макул, б. а. Ыйык Рухту Кудай Ата жараткан деп эсептейт жана кийинки соборлорго катышкан эмес. Демек, православие кийинки соборлордо кабыл алынган догматтарды четке кагат.

2) 20-кылымга чейин католиктер тарабынан православие четке каккан төмөнкүдөй догматтар кабыл алынган:

  • тазартуу (орус. чистилище) тууралуу догмат (1439-ж.);
  • жакшы иштердин запасы тууралуу догмат (1854-ж.);
  • Ыйык Мариянын күнөөсүз кош бойлуу болушу тууралуу догмат (1854-ж.);
  • Ыйык Мариянын денесинин асманга кетиши тууралуу догмат (1950-ж.).

3) Католицизм Рим Папасын рим-католик чиркөөсүнүн башчысы гана эмес, Христостун мурасчысы, христианчылыктагы ар кандай багыттарга таандык экендигине карабастан, бардык христаиндардын атасы жана устаты деп атайт. Православиеде Рим Папасынын мындай кеңири мүнөздөгү бийлиги кабыл алынбайт.

4) Католицизм менен православиеде диний ырым-жырымдар да ар кандайча түшүндүрүлөт.
Мисалы: католик дининде причащение (Кудайдын денеси жана каны деп ооз тийилүүчү нан жана вино ичип, кудайды эскерүү) ырымы бекем орногон.

Католиктерде дин кызматкерлери нан жана вино (нан – Христостун денесинин, вино – канынын символу) менен кудайды эскерсе, жөнөкөй христиандар нан гана ооз тийүүгө укуктуу. Католицизмде чокундуруу ырымы православиедегидей сууга чөмүлтүү жолу менен эмес, үстүнөн суу куюу аркылуу жүргүзүлөт.

5) Католиктер латын тилинде жазылган Библияны гана кабыл алышат жана аны башка тилдерге которууга тыюу салышат. Православиеде диний кызмат жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт. Ошондуктан, православиени туткан элдерде Библияны башка тилдерге которуу салыштырмалуу эрте башталган.
Мисалы, грек улутундагы орус агартуучулары, ага-ини Кирилл жана Мефодий тарабынан Библия грек тилинен эски орус тилине которулган.

6) Католицизмде дин кызматкерлеринин чиркөө эрежелерине «кыңк» этпестен баш ийиши салт.
Мисалы: католик дин кызматкерлери үй-бүлө, бала, чарба күтпөө тууралуу ант беришет.

Православиеде мындай ырым-жырым жок. Ошол себептен эрежелерди бекем сактаган ыйык адам катары түшүнүлгөн Рим папаларынын күнөөсүздүгү тууралуу догмат 1870-жылы кабыл алынган. Православиеде дин кызматкерлеринин күнөөсүздүгү тууралуу догмат толугу менен четке кагылат.

7) Православие мамлекеттин саясий бийлигине кийлигишпейт жана адамдардын адеп-ахлактуу жүрүм-турумун жөнгө салуу менен гана чектелет. Аврелий Августиндин окуусуна таянуу менен Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мамлекеттерге орнотууга жана аларды саясий тескөөгө алууга умтулган.

Чиркөөнүн светтик бийликке болгон үстөмдүгү тарыхта клерикализм (лат. cularis – чиркөө бийлиги) деген ат менен белгилүү. Ошондуктан батыш европанын орто кылымдардагы тарыхы Рим папаларынын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттер менен болгон тынымсыз күрөшү менен коштолгон.

8) Православиеде дин кызматкерлеринин зомбулук көрсөтүүгө жана курал колдонууга таптакыр укугу жок. Католиктерде зомбулук христиан динин орнотуунун, таратуунун жана коргоонун негизги каражаты болуп саналган. Ушул максатта католиктер тарабынан аскерлештирилген уюмдар жана кечилдик ордендер түзүлгөн. Аскерлештирилген кечилдик ордендери еретиктер менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ошол эле максатта көп кылымдар бою адамкерчиликсиз ырайымсыздык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн инквизиция (лат. inquisitio – издөө салуу) деп аталган өзгөчө сот органы негизделген. Негизги кечил ордендери болуп доминикандыктар менен францискандыктардын уюмдары эсептелген.

Доминикандыктардын ордени 1216-ж. испан дворянини Доминик (1170-1221) тарабынан негизделген. 13-кылымдан бул орден инквизицияга жетекчилик кылган. Өздөрүн «Кудайдын дөбөттөрү» деп аташкан доминикандыктар католик дининин куралдуу коргоочулары болуп саналышкан жана инквизициялык сотторго еретиктерди кармап беришкен.

Доминикандыктар еретиктерге каршы от жана силлогизмдердин жардамына таянуу менен күрөшүшкөн. Ошондуктан алардын гербинде тиштерине балбылдап жанган факелди тиштеген иттин башы тартылган. Францискандыктардын ордени 1209-ж. италиялык акын ассиздик Франциск (1182–1226 ж.) тарабынан негизделген. Бул ордендин ишмердүүлүгү доминикандыктардыкына караганда бир аз башкача мүнөзгө ээ. Алар жакырлардын жана бей-бечаралардын кейпин кийип, эл массаларына барат да, аларга христианчылык окуусун жана аскетизм принциптерин жайылтышат. Элди аралап жүрүп, еретиктерге каршы тыңчылык кылышат.

9) Чыгыш менен батышта христианчылыктын дин окуусунун маңызын түшүнүү да ар башкача болгон. Православиеде кудайды акылдын эмес, мистиканын жардамы менен гана таанып билүү мүмкүн. Дин илимий изилдөөлөрдүн предметине айлануу менен динсиздикке жол ачат. Ошондуктан православиеде дин окуусу кереметтүү сыр катары кабыл алынат.

Католизмде Кудайды чыныгы таанып билүү акыл менен илимдин жардамысыз эч мүмкүн эмес деген түшүнүмдөр эрте калыптанган. Ошондуктан чиркөө аталарынын окууларына таянуу менен 6–13-кылымда Рим-католик чиркөөсү тарабынан христиандык динди рационалдаштыруу жүргөн. Башкача айтканда бул мезгилдерде христианчылыктын догматтары илимдин жана философиянын жардамы менен негизделген.

Орто кылымдарда диний философия өнүккөн маданий чордон болуп университеттер (лат. universitas litterarum – илимдердин жыйындысы) эсептелишкен. Университеттер деп дин кызматкерлерин, билимдүү адистерди даярдаган жана диний маселерди талкуулаган маданий мекеме аталган. Орто кылымдардагы негизги университеттер болуп Париж, Кельн, Оксфорд, Болонья, Неополь, Падуа ж. б. жогорку окуу жайлары эсептелген. Орто кылымдардагы университеттердин эң башкы метрополиясы болуп Париж университети саналган. Андан кийинки орунду философиялык жана илимий борбор катары даңкталган Оксфорд университети ээлеген.

Университеттердин аты эле айтып тургандай, аларда ошол кезде белгилүү болгон илимдердин баары окутулган. Илимдердин эң маанилүүсү жана башкысы катары христиандык теология аталган. Философия теологиялык гана эмес, искусство менен байланышкан башка факультеттерге да окутулган. Университеттердеги эң маанилүү факультеттер болуп теологиялык, юридикалык жана медициналык бөлүмдөр саналган.

Бардык факультеттерге «жети эркин искусство» деп аталган илимдердин комплексинен дарстар окулган. Бул комплекс Боэций тарабынан иштелип чыккан жана өз кучагына «тривиум» (грамматика, риторика (чечендик өнөрү), диалектика) менен «квадриумду» (арифметика, геометрия, астрономия жана музыка) камтыган. Теология гана илим деген статуска ээ болгондуктан, бул илимдер эркин искусстволор деп аталышкан. Бүгүнкү күндө католицизм динин туткандардын саны христиандардын басымдуу көп бөлүгүн түзөт. Христианчылыктын бул багыты Европанын роман тилинде сүйлөгөн өлкөлөрүндө, Латын Америкасында, Польшада ж. б. өлкөлөрдө кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8