Монреаль банкы - Канаданын ири банктарынын бири.

1817-ж. уюштурулган. 1935-жылга чейин коммер­ция жана эмиссиялоо милдетин аткарган. Көп банктарды өзүнө кошулууга мажбур кылган. 1958-ж. англ. «Банк оф Лондон энд Саут Америка» менен биригип, «Банк оф Лондон Энд Монреал» банкына айланган. Мунун Латын Америкасындагы өлкөлөрдө 40тан ашык бөлүмү бар. Монреаль банкы англ, жана амер. капитал менен тыгыз байланышта.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.