Башбаракты ачуу
Монтсеррат.
Монтсеррат (2001).

МонтсерратУлуу Британия ээлиги. Кичи Антил аралдары архипелагынын курамындагы Монтсеррат аралында жайгашкан. Пуэрто-Рикодон Түштүк-Чыгыш тарапта. Аянты 102 км2. Калкы 4,9 миң (2011). Расмий тили – англис тили. Административдик борбору – Плимут (калкы 3500).

Х. Колумб тарабынан 1493-жылы ачылган. 1632-жылы сүргүнгө келген католиктер тарабынан алгачкы англис тилинде тургун жай негизделген. 17–18-кылымда Англия менен Франция аралга ээ болуу үчүн күрөшүп келген. 1871–1958-жылы Монтсеррат Ылымта аралдар ээлигинин, 1958–62-жылы Вест-Индия федерациясынын курамына кирген. Ал Чыгыш-Кариб мамлекеттер уюмунун жана Региондук коопсуздук системасынын мүчөсү.

Климаты субэкватордук деңиздик. Абанын температурасы океандын жээктеринде 24˚Сден 35˚Сге чейин, тоолордо 18–27˚С. Жылдык жаан-чачыны 800–3000 мм (майдан ноябрга чейин нөшөрлөгөн жамгыр жаайт). Жайдын аягынан, күздүн башталышына чейин тропик урагандары болуп турат. 1995-жылы Хилл жанар тоосу атылып, аралдын аймагынын 2/3 си ээн калган. Калкынын негизин африкалыктар түзөт. Төрөлүү 1000 кишиге – 14,3 киши, өлүм-житим – 9,9. менены 1960-жылы кабыл алынган конституция боюнча Улуу Британия королевасы дайындаган губернатор башкарат, о. эле ал Аткаруу кеңешинин башчысы да болуп эсептелет. Монтсеррат байыртадан эле Вест-Индиядагы «Жакут аралы» деген аталыш менен белгилүү. Монтсерраттын өкмөтү туристтердин көп келишине каршы, ошондуктан аралдын көптөгөн жери адамдын буту тийбеген бойдон калып келүүдө. Эс алуунун өнүккөн түрү – жөө жүрүү туризми. Аралдагы токойлорду жөө аралап басуу кеңири таралып, ал туризмдин негизин түзөт.

Колдонулган адабияттарОңдоо