Вест-Индия - (West Indies Батыш Индия) Атлантика океанында, Түндүк жана Түштүк Америка материктеринин аралыгында жайгашкан аралдардын жалпы аты. Ага Багама, Чоң жана Кичи Антил, Тринидад, Тобаго ж. б. аралдар кирет; эң ириси Куба аралы. Жалпы аянты 240 миң км2дей. Өтө тилмеленген тоолуу рельеф басымдуу. Тоолорунун бийиктиги 3175 мге чейин (Гаити аралында). Катуу жер титирөөлөр (Кубанын түзөң бөлүгүнөн башка) болуп турат, аракеттеги жана өчкөн жанар тоолор көп (Суфриер, Монталь-Пеле ж. б.). Марганец кенташ, хромит, курамында никель бар темир кенташ, табигый асфальт (Тринидад аралында), фосфорит (Аруба жана Кюрасао аралында) кендери бар. Ойдуңдарга негизинен маданий өсүмдүктөр, тоолорго дайыма жашыл жана жайында көгөрүүчү токой (көбү кыйылган), саванна мүнөздүү. Калкы 35 млндон ашык (2000). Вест-Индиянын аралдарында Антигуа жана Барбуда, Аруба, Багама Аралдары, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика, Доминика Республикасы, Куба, Сент-Винсент жана Гренадины, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Тринидад жана Тобаго, Ямайка мамлекеттери, ошондой эле АКШнын, Улуу Британиянын, Нидерланддын, Франциянын ээликтери жайгашкан. Вест-Индия аралдарын Х. Колумб Индияга баруучу кыска деңиз жолун издөө үчүн жасаган саякатында (1492-1502) ачкан. Европалыктар чыныгы Индияга баруучу деңиз жолун ачканга чейин (16-кылымдын башы) Азиянын бир бөлүгү деп жаңылыш эсептелген. Кийинчерээк Индиядан (Ост-Индия) айырмалаш үчүн Вест-Индия деп аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү