Монцонит
Монцонит (Италиядагы Монцони тоосунун атынан) — составы калий жанa аки таш-натрийлүү талаа шпаттары (ортоклаз жанa лабрадор) менен пироксенден турган кристаллдуу магма тоо теги.
Кычкыл Монцонитте аз санда кварц, ал эми негиздүү түрүндө оливин кездешет. Хим. составы жанa касиети боюнча сиенит менен габбронун ортосунда. Ошондуктан аны габбро-сиенит деп да атайт. Монцонит курулуш материалы катары колдонулат (жылмалаганда — кооз).
Монцонит кени (Уралда, Байкалдын батыш жээгинде), Италияда, Норвегияда бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.