Мордовия же Мордовия Республикасы (мокш. Мордовия Республиксь, эрз. Мордовия Республикась) Орусиянын Европа бөлүгүнүн чыгышында жайгашкан.

Негизги маалымат түзөтүү

Аянты 26,2 миң км2. Калкы 833,0 миң (2009); негизинен орустар (60,8%), мордвалар (32,5), татарлар (4,9) жана башкалар. улут өкүлдөрү жашайт. Православие (277 диний уюм бар), мусулман (24) жана протестант (11) динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 34,3 киши. Административдик борбору – Саранск (336,1 миң). Ири шаарлары: Рузаевка (49,6 миң), Ковылкино (23,0). Шаар калкы 59,8%. Акимий-аймактык жактан 22 акимий районго, 7 шаарга, 18 шаарчага бөлүнөт.

 
Мордовия.

Табияты түзөтүү

Мордовия Чыгыш Европа (Орус) түздүгүнүн чыгышында, Волга дарыясынын алабында жайгашкан. Түндүк-батышын Ока-Дон түздүгү, Түштүк-чыгышын Волга бою дөңсөөсү ээлейт. Табигый шарты калктын жашоосуна жагымдуу. Экол. абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Негизинен ө. ж-луу зоналардын тегереги булганууда.

 
Зарубкино

Климаты түзөтүү

Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы –11,2˚С, июлдуку 19,2˚С. Жылдык жаан-чачыны 450–500 мм. Ири дарыялары: Мокша, Сура. Жери көбүнчө каракүл, боз-токой жана чым көң-күл топурактуу. Аймагынын 24,2%ин токой (кайың, эмен, байтерек, липа, мырза карагай) ээлейт. Негизги байлыгы жер астындагы суулар (таза, минералдуу, мала туздуу), ошондой эле цемент өндүрүшү үчүн бор, керамзит үчүн ылай, айнек куму жана акиташ казылып алынат.

 
Мордовия-арена (курулушу)

Саясий түзүлүшү түзөтүү

Приволжье федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийлик 5 жылга шайланган республиканын башчысына таандык. ОФтеги электр лампалар өндүрүшүнүн борбору (Орусияда өндүрүлгөндүн 67%и), машина куруу (22,4; 2-орунда), цемент өндүрүшү (6,2; 6-орунда), жана башкалар. ишканалары иштейт.

 

Экономикасы түзөтүү

Аймактын дүң продукциясы 24318,1 млн рублди түзөт. Анда өнөр жайдын үлүшү 29,5%. Машина куруу комплекси алдынкы орунда. Ири ишканалары: «Лисма» (лампа), «Сарансккабель» (күч, телефон, кеме жана текшерүү кабелдери), «Рузхиммаш» (вагон; цистерна, көлөмдүү идиштер), «Электровыпрямитель», «Сарэкс». Тамакаш (19%), курулуш материалдар (11%), Химиялык(5%) өнөр жайы бар. Айыл чарбанын Республиканын дүң продукциясындагы үлүшү 21,4%. Айыл чарбага жарактуу жери 1659,6 миң га (жер фондусунун 63,5%и), анын ичинен 68%и айдоо аянты. Дан эгиндери, картөшкө, кант кызылчасы жана жашылча айдалат. Бодо мал асыралып, үй куштары багылат. Темир жолунун узундугу 546 км, автомобилдики 5616 км (анын ичинен 4232 кми асфальтталган). Саранскиде аэропорт бар.

 
Чиндяново

Билим илими түзөтүү

Республикада 743 жалпы билим берүүчү окуу жайлары (анын ичинен 59у башталгыч жана орто), 9 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинен Мордва мамлекеттик университети), 5 театр (анын ичинен музыка, куурчак), филармония, камералык хор, ыр-бий ансамбли, 22 музей (анын ичинен край таануу, асем искусство жана башкалар), С. Д. Эрьзинин үй-музейи (Баев кыштагында), китепканалар (анын ичинен азиздер үчүн) бар.

 
1928

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7