Москва мамлекеттик кеңешмеси

Москва мамлекеттик кеңешмеси (1917) Россиянын бардык контрреволюциячыл кучтөрүн мобилизациялоо үчүн 1917-ж. 12—15(25—28)- августта Убактылуу өкмөтү тарабынан чакырылган.

Ага 2500 чамалуу киши катышып, А. Ф. Керенский председатилдик кылган. Кеңешмеге Советтердин большевик делегаттары шайланган эмес. Кеңешмеге катышкандар Советтерди, армиядагы коомдук уюмдарды жоюу, согушту улантуу сыяктуу контрреволюциячыл программаны, башкач айтканда Убактылуу өкмөттүн саясатын колдогон. «12-августтагы Москва кеңешмеси жөнүндө» деген РСДРП (б) БКнын 6(19)-августтагы резолюциясы кеңешменин элге каршы заговор экенин аныктаган. Анын ачылыш күнүнө 400 миңден ашуун адам иш таштаи, Киев, Харьков, Саратов жана башк шаарларда иш таштоо жанa нааразылык митингилери өткөрүлгөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.