Мотор орундарынын детонациясы

Мотор орундарынын детонациясы - поршендүү моторлорду кыймыл-аракетке келтирүүдө сарпталуучу мотор отундарынын күйүшүндө органикалык өтө кычкылдардын пайда болушунан жанa жыйналышынан келип чыккан терс кубулуш.

Өтө кычкылдын пайда болушу айрым кризистик концентрациясы жетсе, детонацияны пайда кылат. Ал согуу толкундарынын пайда болушу жанa жалындын таралыш ылдамдыгынын өсүшү менен мүнөздөлөт. Кыймылдаткычтар туура иштеген учурда жалын 10—20 м/сек, детонация учурунда 1500—2500 м/сек ылдамдыкта тарайт. Мотор орундарынын детонациясы мотордон сыртка кете турган түтүктөн тарсылдаган үн чыгарып, кыймылдаткычтарды ысытып, мотордун күчүн начарлатат.

Өндүрүштө Мотор орундарынын детонациясы болбос үчүн аларга тетраэтил коргошун кошулат.

Каталитикалык гидрокрекинг - тазалануу технологиялар жана синтетикалык сапаты аны болжолдоо, базалык май техникалык касиеттерин жакшыртуу. Бул жогорку илешкектүүлүккө ээ, кычкылдануу жана жылышуу кепили туруктуу.[1]


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Гидрокрекинг мотор майларын.