Мохач салгылашы – түрк султаны Сулейман I Кануни (60 миң, 150 замбирек) менен венгр королу Лайош IIнин (25 миң, 80 замбирек) аскерлеринин ортосунда болгон салгылашуу. Мохач салгылашы 1526-жылы 29-августта Мохач шаарынын (Венгрия) жанында Дунайдын оң жээгинде болгон. Cалгылашууда Лайош IIнин аскерлери жеңилип, өзү артка чегинүү учурунда каза болгон. Түрктөрдүн жеңиши менен Венгр королдугунун көпчүлүк бөлүгү Осмон империясынын бийлигине өтүп, Чехияда Габсбургдардын бийлиги орногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү