Муган түздүгү, Муган талаасы — Кура-Араке ойдуңундагы аймак, Кура жана Араке дарыяларынын кошулушунан түштүгүндө, Азербайжандын. Түш.-Батыш бөлүгү Иранда. Түштүгүндө Ленкоран ойдуңу менен кошулат.

Муган түздүгү — көпчүлүк бөлүгү деңиз деңг. томен жаткан аллювий түздүгү. Кыртышында боз, шалбаалуу-боз, бозомук күрөң жана шалбаа топурактары басымдуу. Жарым чөл өсүмдүктөрү (шыбак, баялыш, эфемерлер) үстөмдүк кылат. Муган түздүгү Ленин атн., Москва, Азизбеков атн. каналдар менен сугарылат. Пахта айдалат. Кышкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.