Музбел мөңгүлөрүТалас Ала-Тоосунун түн. капталында жайгашкан ири мөңгү. Оңдогу мөңгүсүнүн уз. 3,2 км,аянты 3,6 км2. Төр тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңгели. 4400 м, этеги 3450м бийиктикте жатат. Сол тарабындагы асылма өрөөн тибиндеги мөңгүнүн уз. 2,5 км, аянты 3,1 км2. Башы 4350 м, этеги 3640 м бийиктикте жатат. Ал эми мореналар менен көмүлүп жаткан мөңгүнүн «тили» 3522 м бийиктикке ылдыйлайт. Жалпы эле Кара-буура суусунун алабынын 44, мореналар ээлейт Талас Ала-Тоосундагы мореналар эң көп топтолгон жеp. Мөңгүдөн Карабууранын (Талас сол куймасы) сол курамы Шамалдысай суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги айрым шилтемелер түзөтүү

  • [1](жеткиликсиз шилтеме)