Муздабас мөңгүлөрүАт-Башы кырка тоосунун түн. капталындагы ири 2 мөңгү (Батыш жана Чыгыш М. м.).

Батыш Муздабас мөңгүсү түзөтүү

Батыш Муздабас мөңгүсү – өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 6,9 км2. Башы деңиз деңг. 4620 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4380 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Куралуу облусу үч камералуу кенен төрдү ээлейт.

Чыгыш Муздабас мөңгүсү түзөтүү

Чыгыш Муздабас мөңгүсүнүн уз. 3,2 км, аянты 5,1 км2, өрөөн тибиндеги мөңгүлөргө кирет. Башы 4600 м, этеги 4010 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м, абляция облусунун аянты 0,8 км2. Куралуу облусу тоонун кырынан башталат. Каптал морена сол тарабында гана бар. Этек моренасы мөңгүнүн «тилинен» 300–350 м төмөн «төөкарын» сымал жатат.

Мөңгүлөрдөн Муздабас суусу башталат.

Колдонулган булак түзөтүү