Муздабас суусуАт-Башы районундагы суу, Ак-Сай суусунун солкуймасы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 207 км. Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, кууш өрөөн менен түштүктү карай агат. Ак-Сай өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип салааларга бөлүнүп кетет. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 0,8–1,8 м3/сек . Эң көп чыгымы июль–августта, азы февраль–мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат.

Муздабас суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 36 км
бассейндин аянты 207 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Ат-Башы району

Адабият түзөтүү