Муздак кандуу жаныбарлар

Муздак кандуу жаныбарлар - сырткы чөйрөгө жараша денесинин температурасы өзгөрүп туруучу жаныбарлар.

Аларга бардык омурткасыздар, омурткалуулардан балыктар, жер-сууда жашоочулар жана сойлоочулар кирет. Бул жаныбарлардын температурасы сырткы чөйрөнүкүнө барабар же 1— 2°С жогору болот. Күндүн жылуулугунан же булчуңдар иштегенде көбүнүн температурасы жогорулайт.

Мис., абанын температурасы 4—8°Сде учуп жүргөн шимикчи аарынын дене температурасы 38°С, кээде 44°Сге жетет, учпай турганда чөйрөнүкүнө теңелет. Бул жаныбарларда жылуулукту жөнгө салуу механизминин жоктугу, нерв системасынын, өзгөчө борб. нерв системасынын начар оорчүшү, зат алмашуунун жай жүрүшү (жылуу кандуу жаныбарларга Караганда 20—30 эсе төмөн) ж. б. өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.