Муздаткыч шкаф — коомдук тамактануу жанa соода ишканаларда, лабораторияяда жана башка тез бузулуучу азыктарды (же дары-дармекти) кыска мөөнөткө сактоочу чакан муздаткыч.

Ал каркастуу, эки сыйра капталган конструкциядан—сырты жөнөкөй тунукеден, ичи алюминий же дат баспаган металлдан, ортосу жылуулукту аз өткөрүүчү материалдан турат. Ар бир шкафта муздаткыч камера жана маши­на бөлүмү болот.

Машина бөлүмү камеранын астында, шкафтын көлөмү 0,4—1,25 м3, темп-расы 1—3°С, сыйымд. 804-250 кг.

Илимий иззилдөө үчүн кээ бир лабор-яларда температураны —70°ка чейин төмөндөтүүчү муздаткыч машиналар жанa өтө изоляцияланган Муздаткыч шкафтар колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.